Домой Коом Бишкек мэриясы эми жаңы мекеме аркылуу такси кызматын да көзөмөлдөөнү максат кылууда

Бишкек мэриясы эми жаңы мекеме аркылуу такси кызматын да көзөмөлдөөнү максат кылууда

129

Бишкектин вице-мэри Азиз Алымкулов транспорттук реформа боюнча долбоор менен тааныштырды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы маалымат таратты

Ал шаардык транспортту башкаруучу бирдиктүү орган түзүүнү сунуштады. Учурда коомдук транспорт үч компанияга баш иет. Алар: Шаардык транспорт башкармалыгы, Бишкек жүргүнчү ташуучу автотранспорттук ишкана жана Троллейбус башкармалыгы. Мындан тышкары, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу жана бюджетти толтуруу максатында жаңы департамент таксилердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөмөкчү.

Мэриянын маалыматына караганда, Бишкекте 19 такси кызматы катталган. Аларда 11,5 миң автоунаа бар. Бирок Салык кызматы бул жылы 9 270 гана патент (4 миллион 792 миң сомго) берилгенин билдирген. Демек, калган айдоочулар уруксатсыз иштешет. Мындан тышкары, Алымкулов жаңы мекеме жол чырактар жана жолго тиешелүү башка объектилер боюнча иш алып барарын, «Коопсуз шаар» долбоорун координациялай турганын кошумчалады.