Домой Саясат Бишкек мэриясы 6 млн. сомду Кытайга мыйзамсыз которгон

Бишкек мэриясы 6 млн. сомду Кытайга мыйзамсыз которгон

48

Эрнис Докенов

Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу бюджеттик комиссиясынын төрагасы Эрнис Докенов Бишкек мэриясынын киреше саясаты Башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан Кытайдын “Шуаншинь” фирмасына 2014-жылы лотереялык билеттерди чыгаруу үчүн мыйзамсыз которулган 6 млн. 49 миң 500 сомдук схемасын аныктап чыкты. Анын айтымында, бюджет жана финансы боюнча комиссия алиге чейин мэриянын 2014-жыл үчүн отчетун кабыл ала элек. “Биз 2014-жылдын бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетту мэриянын финансылык ишмердүүлүгүнө Эсеп палатасынын Чүй жана Талас облустары тарабынан аудит жүргүзүлгөн соң кабыл алабыз деп макулдашканбыз. Бирок, мен үчүн аудиттин расмий жүргүзүлгөнү, февралда эле аяктаганы күтүүсз жаңылык болду. Атүгүл анын жыйынтыгы ММКларга да жарыяланган. Анда мэрияны текшергендер Кытайга 6 млн. сомдун которулушун акталбаган, жөнөкөй тил менен айтканда – уурдалган деп айтышкан”, — деген Эрнис Докенов биринчи вице-мердин милдетин аткаруучу Эрнис Зарлыковго аудиттин расмий жыйынтыгын комиссиянын кароосуна коюуну тапшырды.