Домой Коом Бишкек мэри жаңы кичи район салыш үчүн өкмөттөн 200-300 гектар жер сурады

Бишкек мэри жаңы кичи район салыш үчүн өкмөттөн 200-300 гектар жер сурады

18
Бишкек шаарынын башчысы Эмил Абдыкадыров министрлер кабинетинен жаңы кичи район куруу үчүн 200-300 гектар жер сурап жатат. Бул туурасында ал өзү Бишкек шаардык кеңешинин Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында айтты.
Мэр жер маселеси боюнча министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен сүйлөшүп жатканын да айткан.
Абдыкадыров «кризиске кептебеш үчүн башаламан курулуштарды токтотуу» керектигин белгиледи.
«Элестетип көрсөңүздөр, эки кабаттуу имараттын ордуна 15 кабаттуусу курулууда. Муну токтотуу зарыл, болбосо канализация тармактары көтөрө албайт. Министрлер кабинетинин башчысы менен учурда 200-300 гектар жер бөлдүрүү туурасында сүйлөшүп жатабыз. Ушул документке түзөтүү киргизиш керек. Келгиле, башкы планга ылайык келген жаңы кичи район куралы. Маселенин баарын камтып, кардиналдуу жана принципиалдуу чечиш керек», — деген мэр.
Ал жаңы кичи районду куруу үчүн анча жерди кайдан тапса болорун айткан жок.