Жалпыбызга маалым болгондой кыргыз экономикасынын лакомативнин бири болуп эсептелген  Бишкек эркин экономикалык э аймагында  жалпысынан  313 ишкана катталып, ал ишканаларда  2400 адамдан  3700гө чейин адам эмгектенет. Ал эми мамлекеттик казынага жыл сайын түшүргөн  миллиарддаган сомдорду чапчыйт. Факт үчүн айта кетсек, 2016-2019-жылдары бюджетке  2 млрд. 638 млн. сом ар кандай төлөмдөрдү төлөгөн. Мындан тышкары БЭЭАнын ишин өркүндөтүү үчүн 1996-жылдан бери 4 млрд. 588 млн. сомдук инвестиция тартылган. Анын ичинен  2 млрд. 638 млн. сому 3 жылдын ичинде, тактап айтканда  2016-2019-жылдары тартылган инвестиция болуп эсептелет. Мына ушул бакыйган сандар БЭЭАнын бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгүнөн ачык-айкын кабар берип турат.

Бирок, БЭЭАнын ишмердүүлүгүнө, өнүгүүсүнө тосколдук жараткан жагдайлар узак жылдан бери эле болуп келатканы боюнча ЖМКларга буга чейин бир катар маалыматтар чыгып келгени ырас. Андай  тосколдук жараткан компаниялардын бири  бул- БЭЭАны өнүктүрүү боюнча  Борбор Азиялык корпарациясы (Центрально-Азиатская корпарация по развитию СЭЗ. Мындан ары кыскартылып ЦАК деп жазабыз) болуп эсептелет. ЦАК БЭЭАга ишкана катары алгач 1997-жылы катталаган. Аталган корпоратциянын башында корей улутундагы Ли Джонг Бэк турат. Ал эми анын жубайы кыргыз улутундагы Бейшеналиева Назира Тутунова.Назира айым бир канча жылдан бери Азия банкында Директорлор кеӊешинде эмгектенет.

 

Аткарылбаган келишим, алданган БЭАА…

Ли Джонг Бэк ЦАК аркылуу БЭЭАга караштуу жерлерге бир канча курулуштарды салмак. Бирок андан бери 23 жыл өтсө да бир да курулуш ишин жүргүзбөстөн, тескерисинче мыйзамга баш ишбей, БЭЭАны өнүктүрүүгө багытталган коррапциясы менен өнүктүрбөй эле, «өлтүрүү» аракетин ачыктан –ачык кылып келатканы ачык эле көрүнүп турат.

Эми төмөндө фактыларга өтөлү:

1997-1999-жылдар аралыгында Ли Джонг Бэк БЭЭАга:

  1.  1.«Central Asia Insurance Corporation» ( кийин  «Central Asia Sandwich Panel Plant Corporation» деп өзгөртүлгөн) ЖЧКсын,
  2. «Central Asia Corporation» ЖЧКсын, (бирок бул ишкана Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн эмес)
  3. «Central Asia Kia Motors Sales Corporation (негизги ишмердүүлүгү катары эс алуу парктарды куруу көрсөтүлгөн) ЖЧКсын,
  4. “Банк Азии” Жабык акционердик коомун каттаткан.

Булар менен катар 12 келишим бекитилген. Ал келишимдердин негизинде

Бишкектин четиндеги Улуттук көргөзмө борборунун (ВДНХ) жери  узак жылга өтө жеӊилдетилген шартта ижарага берилген.

2002-жылдын  14 –ноябрында №101чи жаӊы келишим түзүлүп, анын негизинде:

— Улуттук көргөзмө борборунун 23, 25 га. жерин 93 жылга ижарага берүү Ошондой эле ал келишим боюнча улуттук көргөзмө борборунун имаратын капиталдык оӊдоп-түзөөдөн өткөрмөк.

-«Экспоборбордун» имаратын 26 жылга ижарагаберүү  ( бул 26 жыл ичинде жалпысынан болгону 100 миӊ гана долллар ижара акы төлөө каралган)

-№22 терминалдын имаратын 46 жылга ижарага берүү (46 жылдын ичинде болгону 300 миӊ доллар ижара төлөө каралган. Бул акчанын 207 778 доллары

Kia үлгүсүндөгү автоунаа менен  төлөнмөк). Эске сала кетчү жагдай  ижарага берилген бул имараттардын баары 93 жыл бою  ар кандай салыктардан бошотулган. Ал эми инвестор болгон Ли Джонг Беэк өзү ижарага  алган имараттардын коммуналдык төлөмдөрүн төлөм турмак.

Белгилей кетсек, корей инвестору ишти баштаганда алган «Фламинго» паркын салып, автоунаа сатуу борборун уюштуруп аларды кыска убакытка эле иштеткен.

Кызыгы 2017-жылдын 1-январынан тартып ЦАК менен «Central Asia Kia Motors Sales Corporation» ортосунда  келишим түзүлүп, ал келишимге ылайык ЦАК берилген БЭЭАнын жогоруда жазылган бардык имараттары өткөрүлүп берилген.

 

Мамлекетке келтирлген чыгым 13,5 млн. доллар

Ошентип, 20 жылдан ашуун мезгилден бери ЦАК БЭЭАнын  23 гектардан ашуун жерин жана бир катар имараттарын келишимде көрсөтүлгөндөй иштетпестен, же БЭЭАга кайра өткөрүп бербестен, жеке менчигиндей  эле басып жатат. Натыйжада Улуттук көрөзмө борборунун имараты жана ага караштуу жери  кароосуз калып, өзүнүн мурунку кооз көркөмүн жоготуп, кейиштүү абалга жеткен. Буга ЦАКтын дагы бир өзүм билемдиги себеп болуп калды. ЦАК БЭЭАнын жетекчилиги жана тишелеүү көзөмөлдөөчү органдар менен макулдашпай туруп, Улуттук көргөзмө борборунун аймагындагы  баалуу бак-дарактардын (100дөн ашуун)баарын кыйып салган. Андан тышкары, улуттук көргөзмө борборунун бир катар имаратын (буфет, макетный цех, “Сувенир” дүкөнү) бузуп, мурун келишимдер көрсөтүлбөгөн жаӊы имараттарды салуу үчүн жер пайын (казылган котлован 2176 чарчы метер жана 4425 чарчы метерди чапчыйт) тереӊ кылып казган. Бирок эч кандай жоопко тартылган эмес.

Жалпысынан ЦАКтын мамлекетке келтирген зыяны  13,5 млн. долларды чапчыган. Жогоруда ЦАК келишимге ылайык  ижарага алган имараттары үчүн коммуналдык кызматтарды өзү төлөмөк. Бирок ошончо жылдан бери төлөбөй жүрүп коммуналдык кызматтарга болгон карыз 2  млн. 300 миӊ сомго жеткен. Бул акчаны өндүрүү боюнча эмдигчие  соттук иштер жүрүп жатат.

 

ЦАКтын соодалашмай сот оюндары

2013-жылы БЭЭАнын башкыдирекциясы корей ишкери, ЦАКтын кожоюну Ли Джон Бекке келишимди бузууну билдирген. Бирок ал бул сунушка макул болбостон кыргыз өкмөтүн  Москва соода-өндүрүштүк палатасына сотко берип, 22 млн.  доллар өндүрүү үчүн арыз менен кайрылган. Мындан тышкары, 73миӊ доллар  доо өндүрүүнү көздөгөн.Кызыгы, Москвадагы аталган палата 2013-жылдын 13-ноябрында кыргыз өкмөтүнүн бир да өкүлүнүнү катыштырбастан эле сырттан чечим чыгарып, кыргыз өкмөтүн ЦАКка 22 млн. доллар төлөп берүү боюнча чечим чыгарып коюшкан.

2014-жылдын 12-февралында кыргыз өкмөтү бул доо-арыз боюнча Москва шаарындагы  Арбитаждык соту арыз менен кайрылган. Арбитираждык сот Москва соода-өндүрүштүк палатасынын чечимин жокко чыгарып, аны мыйзамсыз чечим деп тапкан.Демек,аталган палата ЦАК менен жеӊ ичинде сүйлөшүп алгандай.

Ошол эле жылы ЦАК  БЭААны кайрадан сотко берип, бет тырмалык кылуу ишин уланткан.

Ал эми ЦАКтын БЭЭАга болгон кийинки жылдары  карыздары 10 173741 сомду чапчыган. БЭЭА 2019-жылдын 4-февралында  карыздарды өндүрүү үчүн Биринчи май райондук сотуна арыз менен кайрылган.Андан бери бир нече жолу соттук иштер уланганы менен соттор тараптан БЭЭА үчүн күтүлгөндөй жыйынтык чыга элек. Соттук иштер дагы да уланууда.

 

Депуататтардын акылга сыйбас мыйзам долбоору

Дагы бир кызык жагдай, БЭЭА үчүн ЦАКтын иши чоӊ баш оору болуп турса, ал аз келип жаткансып, ЖКда айрым депутаттардан БЭЭа үчүн пайдасыз мыйзам долбоорун сунуштап, аны өткөрүү иши менен алек боло башташты. Бул мыйзамдын ана башында  кыргыз тилин, кыргыз салтын билбеген Гульшат Асылбаева турат десек болчудай. Ал айымдан башка демилгечилер: А. Нурбаев, А. Сулайманов, А. Султанов, Э. Байпакбаев, С. Айдаров, О. Алыбаев, А. Арапбаев, А. Осмонов, Ж. Акаев. Бул депутаттар эми ал мыйзам аркылуу

«Cеtntral Asia Kia Motors Sales Corporation» аттуу белгисиз компаниянын башкаруусунун алдында көз карандысыз жаӊы БЭЭА түзүүнү көздөп жатышыптыр. Демек, бул мыйзамдын артында ЦАК жана анын кожоюну тургандай.

Жакында Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Салык Кодекси сыяктуу мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана «Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык аймагы жөнүндө» мыйзам долбоору талкууга чыгарылмакчы. Асылбаева башында турган жаӊы мыйзам боюнча БЭЭАнын аймагы кеӊейтилип, дагы кошумча кызмат көрсөтүү кызматтары  түзүлөт экен. Эӊ эле акылга сыйбаган көрүнүшү – бул жаӊы мыйзам боюнча ошол жаӊы кызматтык көрсөтүүлөргө берилген жерлердин ижара мөөнөтү 90 жылды чапчыйт экен. Бул деген жерди ошол кызмат көрсөтөм деп ошол багытта кандайдыр бир ишкана ачкан ишкерге менчикке эле берүү дегенди билдирет эмеспи. Ага кошумча, салыктардан да такыр бошотулат. Кыскасы, мамлекет үчүн пайда алып келбей турган, тескерисинче экономикалык келечеги жок чийки мыйзам экенин адисттер белгилеп жатышат. Эгер депутаттардын бул мыйзам долбоору колдоо таап кете турган болсо анда ЦАКтын пайдасына түзүлгөн  №101 келишим иштеп, корей ишкеринин дагы да өзүм билемдик иштерине даӊгыр жол ачылчуудай.

Жогорку Кеӊеш бул мыйзамды кабыл алабы, албайбы, аны убакыт көрсөтөөр. Биз болсо мындай сасык оюндарга дагы да көз салып турмачыбыз.