Бул тууралуу «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев билдирди.
Партиянын расмий ѳкүлү тараткан билдирүүдѳ: «Коомдо тынчтык менен ынтымактан кымбат эч нерсе жок, чагымчылдык жасаган күнѳѳлүүлѳр мыйзам чегинде жазаланышы керек» деп айтылат.
Окуяга себепчи болгондорду айыптаган «Биримдик» партиясы чагымчылдарды тез арада аныктоо зарылдыгын белгилеген.
«Ош облусунун Араван районундагы саясий партияларлын биринин ѳкүлдѳрүнүн үгүт жолугушуусунда тургундардын ортосунда мушташ чыккан. Бул окуяга байланыштуу укук оргоо органдары тез арада иликтѳѳ жүргүзүп, чагымчылдарды аныктайт деп үмүттѳнѳбүз».
Андан ары билдирүүдѳ: «Биримдик» саясий партиясы мыйзамдуулуктун жана тартиптин шарттарында өтүшү керек болгон таза жана акыйкат шайлоону жактайт. Республикада үгүт иш-чаралары бардык катышуучулардын коопсуздук талаптарын так сактоо менен уюштурулуп, партиялардын өкүлдөрү тарабынан эч кандай чагымчыл деструктивдүү билдирүүлөргө жол берилбеши керек. Бул өтө маанилүү. Провокацияга күнөөлүүлөр мыйзам чегинде тиешелүү жазаларын алышы керек», — деп айтылган.