Домой Шайлоо 2020 «Биримдик» №1. Талапкер Айнура Осмонова: Мамлекеттик чиновниктердин  жоопкерчиликтерин күчѳтѳбүз!

«Биримдик» №1. Талапкер Айнура Осмонова: Мамлекеттик чиновниктердин  жоопкерчиликтерин күчѳтѳбүз!

118

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары уланууда. «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын талапкери Айнура Осмонова да Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жолушууларды ѳткѳрүүдѳ. Бул ирет талапкер Жалал-Абад шаарынын Розы Азимов кѳчѳсүнүн жашоочулары менен жолугушту.

Жолугушууда талапкер Айнура Осмонова мамлекетти ар тараптуу  ѳнүктүрүү үчүн талаптарды күчѳтүү зарылдыгын айтып, мамлекеттик чиновниктердин жоопкерчиликтерин арттыруу,  мамлекеттик башкаруу системасында реформаларды жүргүзүү керектигине  токтолду. Анын айтымында, «Биримдик» партиясынын программасында мамлекетти башкаруу системасынын натыйжалуулугун арттыруу боюнча бир катар багыттар белгиленген. Атап айтсак, программага ылайык, мамлекеттик башкаруунун сапатын арттыруу боюнча Бирдиктүү борбор түзүп, ага жогорку макамды жана ыйгарым укуктарды берүү каралган. Ошондой эле электрондук башкарууну киргизүү үчүн  «мамлекеттик машинанын» бүтүндѳй моделин оптимизациялоо, бирдиктүү электрондук башкаруу принцибине ѳткѳрүү, бийликтин бардык бутактарына элдин ишениминин индексин билип туруучу  системаны ишке киргизүү ж.б.

Айнура Осмонованын белгилѳѳсүндѳ, элдин бийликке болгон ишенимдеринин канчалык экенин билип туруунун мааниси чоң. Бул мамлекеттик башкаруу системасын мыктылап,  кемчиликтерди оңдоп турууга мүмкүнчүлүк берет.

«Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу системасына реформалар керек экендиги жашыруун эмес. Мамлекет натыйжалуу, туура башкарылганда гана ѳлкѳдѳ ѳсүп, ѳнүгүү болот. Экономикалык, социалдык ѳнүгүүлѳр кѳптѳн кѳп мамлекеттик башкаруу системасынан  кѳз каранды. Ошондуктан биздин партия мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуу иштѳѳсүнѳ чоң маани берет», — деди.

Талапкер ошону менен бирге добуштарды сатпай, туура тандоо кылууга чакырып, сѳзүн тѳмѳнкүдѳй жыйынтыктады:

«Шайлоого саналуу күндөр калды. 4-октябрь келечек аныкталуучу күн. Андыктан болбогон бир каражатка алданып, айрым партиялардын кооз сөздөрүнө ишенбей, өлкөдөгү тынчтыкты, бакубат жашоону туу туткан №1 «БИРИМДИК» партиясына добуш бериңиздер!».

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.