23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата «Биримдик» демократиялык социализм — евразиялык тандоо” партиясы тил майрамын белгилешти. Анда, кыргыз тилинин баалуулугу, бай казынасы тууралуу сөз болуп, улуттун калыптанышына эне-тилинин тийгизген таасири жөнүндө ой-пикирлери менен бөлүштү.
Ошондой эле, “Биримдик” партиясынын тизмесиндеги талапкерлер белгилүү кыргыз акын-жазуучулардын кыргыз-тилине арналган чыгармаларын көркөм окушту. Мисалы, Пархат Тулендыбаев Б.Сарногоевдин «Эне тили», Марат Нуралиев — Т.Нурманбетовдун «Эне тилим», Кызжибек Карабекова А. Исмаиловдун «Мен — кыргызмын!», Нуржамал Казначиева жана Эмил Джусуповдор Ш.Дүйшеевдин «Эне тилин унуткандар», Алаяр Бостонов — А.Токтомушевдин «Эне тил» ырын көркөм окуп беришти.
«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.