“Партиянын программасында экономиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. «Биримдик» партиясы Жогорку Кеңешке шайланып калса, биринчи кезекте экономиканын өнүгүшүнө көңүл бурат. Өзгөрүүлөрдүн жана жаңылануунун мезгили келди”, — деди “Биримдик” партиясынын талапкери Бактыбек Чойбеков.
Учурда талапкер Талас облусунда үгүт иштерин алып барууда.
Макроэкономикалык реабилитациялоонун негизги рычагдарынын бири — бул санарип технологияларын киргизүү, деп эсептейт талапкер.
Ал ошондой эле партиянын негизги пландары тууралуу буларга токтолду:
— Бажы органдарында онлайн көзөмөлдөө системасын киргизүү. Бардык бажылык тариздөө пункттарында видео көзөмөл орнотуу жана жүк ташуучулар үчүн GPS тутумун киргизүү.
— Товарлардын жана кызматтардын көмүскө жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү. «Салык процедураларын фискалдаштыруу» долбоорун өнөр жайлык баштоо, электрондук эсеп-фактураларды, онлайн-кассаны, виртуалдык салык төлөөчүнүн кампасын жана электрондук отчеттуулукту толугу менен киргизүү.
— Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды үйдөн чыкпай туруп алуу мүмкүнчүлүгү.
— Мобилдик тиркемелер менен ар кандай товарларды аралыктан онлайн режиминде төлөө.
Бактыбек Чойбеков өлкө биримдикте жана ынтымакта жакшы өзгөрүүлөргө жетишерин белгилеп, шайлоочуларды “Биримдик” партиясын колдоого чакырды.
«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.