Домой Дүйнөдө Бириккен Араб Эмираттары 144 кабаттан турган мунараларды жардырып рекорд койду (видео)

Бириккен Араб Эмираттары 144 кабаттан турган мунараларды жардырып рекорд койду (видео)

210

Бириккен Араб Эмирлигинде Modon Properties төрт мунараны жардырды. Бийик мунараларды кулатуу Гиннесстин рекорддор китебине эң бийик имараттардын көзөмөлгө алынган жарылуусу катары киргизилди.

Мина Зайед аймагын жаңыртуу үчүн төрт мунарадан турган Mina Plaza комплекси жардырылды. Эң бийик мунара 144 кабаттан турган. Мунаралар 10 секунда ичинде талкаланган. Комплексти жардыруу үчүн, жардыргыч заттар имараттардын 18000 чекитине коюлган.

Имараттарды бузуу Гиннесстин рекорддор китебине эң бийик объектинин көзөмөлгө алынган жарылуусу катары киргизилген.

Абу-Дабинин тиешелүү органдары имараттарды жардыруудан мурда жашоочуларды коопсуз аймакка эвакуациялаган.

булак: kompromiss.kg