Тунгуч президентибиз Аскар Акаевдин 44 жашка чыга элек уулу Айдардын дүйнө салганын коомчулук угуп, ар кандай ойго такалды десек болот. Бири сөөгү Москвада көмүлгөнүнө кейисе, экинчиси жергебизге эле коюлса болмок атаганат деп көкүрөгү ооруду. Бирок, аргасыздан качып кеткен ажонун проблемасы жаралбай койбойт экен да. Эгерде “илинчеги” болбогондо түз эле Кеминге келишип, салт боюнча сөөктү узатууга жол ачык болмок. Бирок…
Төрт күн мурда Бишкектеги “Кайнар” кафесинде Айдардын кырк ашы өткөрүлдү. Катышкан аксакалдан угушубузга караганда Акаевдин кыздары –Бермет менен Саадат келиптир. Айдардын келинчеги Сайкал да балдары менен өлкөгө келип, кырк ашка катышыптыр. Кандай болгон күндө да кыргыздын топурагы алтындан да кымбат окшобойбу. Арийне, Аскар Акаевдин үзөңгүлөштөрү, санаалаштары, жакындары да кайгысын тең бөлүшүүгө көз көрсөтүшкөнүн маалыматтан кабардар болдук. Канчалык касиеттүү жергебиздин авасынан кере дем алып, Ала-Тоонун кереметине чулганып, сагынычты жазууга шарт жоктугуна Аскар да, Майрам апчебиз да ичинен сызып турушканын сезип турабыз. Мындай өкүнүчтүү сабак Курманбек Бакиевдин инилеринин, уулдарынын да башында турганын неге жашырмак элек? Аларга салыштырмалуу алты жыл элине кызмат кылган Алмазбек Атамбаевдин шансы жогору десек бап келет. Кандай болгон күндө да бул инсан башына кылыч кармалып турганда коендун сүрөтүн тартып, качып кеткен жок. Бул анын өжөрдүгү жана эр жүрөктүүлүгү, мекенин сүйгөндүгү! Бири кем дүйнө десең…
Булак: Ачык сөз