Домой Саясат Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 381 талапкердин 80и катталды

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 381 талапкердин 80и катталды

80

Бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу ниетин билдирген 381 адамдын 80и каттоодон өтүп, күбөлүктөрүн алышты.

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан келет. Шайлоого катышуу ниетин 71 партия билдирип, бирок 18-октябрга карата 21 партия катталган.