Домой Саясат Бир мандаттуу аймактан талапкерлерди каттоо аяктады

Бир мандаттуу аймактан талапкерлерди каттоо аяктады

22

Бүгүн, 13-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу аймактан талапкерлерди каттоону аяктады.

Кечки саат 18:00дөн кийин БШКнын имаратына катталуу үчүн барган талапкерлердин узун кезеги түзүлдү. Буга чейин күндүз жалпы 308 талапкер катталганы кабарланган.

13-октябрь бир мандаттуу округдан депутаттыкка ат салышуу үчүн арыз тапшыруунун акыркы күнү. Ал эми катталуу үчүн документтер 18-октябрга чейин кабыл алынат. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес. Ушул күндөрү партиялар курултай өткөрүп, тизмелерин тактап жатат.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо тыянагына нааразы болгондор эртеси күнү Бишкекте митингге чыгып, арты өлкөдө бийлик алмашууга алып келген.