Ирандын Балучистан провинциясынын бир чакан айылынын бардык эркектери өлүм жазасына тартылды. Көрсө, эң кедей аталган бу провинциядагы айылдын эркектеринин баары баңгизат менен шугулданып жан бакчу тура. Шахиндогт деген укук коргоочу: “Эми өлүм жазасын алгандардын балдары өч алабыз деп чатак баштабаса болгону” деген санаркоону айтат. Бул айылда канча эркек өлүм жазасына тартылганы жөнүндө маалымат жок. Бирок, 2014-жылы Иранда 753 киши баңгизатка байланыштуу дарга асылыптыр! Атаганат, биздин кутурган “баңгичилердин” бирди жарымы тигилердикиндей жоопко тартылса кана…