Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Нурсултан Кубановдун үйүн тоноп кетишти. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымы боюнча, окуя 19-майга караган түнү болгон. Үй ээлери уктап жатканда уурулар үйгө кирип, акча жана техникалык каражаттарды уурдап кетишкен.
“Мен расмий түрдө укук коргоо органдарына арыз менен кайрылдым, бирок алардан эч кандай майнап чыкпайт окшойт, анткени алар чакыруудан эки саат өткөндөн кийин келишкен” – дейт Нурсултан Кубанов.
https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=2652595171695786&id=100008359877346