Домой Саясат «Бийликти күч менен басып алууга даярданган» деген шек менен кармалгандар эки айга...

«Бийликти күч менен басып алууга даярданган» деген шек менен кармалгандар эки айга камакка алынды

44

«Бийликти күч менен басып алууга даярданган» деген шек менен Бакыт Жетигенов, Бекназар Купешов, Азамат Мусакеев, Нурбек Калекеевдер бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту билдирди.

Улуттук коопсуздук комитети 26-ноябрда «бийликти күч менен басып алууга даярданган» деген шек менен 15 адам кармалганын билдирген. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, парламенттик шайлоого талапкерлер жана мурдагы чиновниктер бар экенин маалымдаган.

УКМК кармалган адамдарга байланыштуу Жазык кодексинин 38 жана 309-беренелери (бийликти күч менен басып алууга даярдануу) менен сотко чейинки өндүрүш ачылганын кабарлап, иликтөө үчүн Башкы прокуратура мекемелер аралык топ түзгөн.

Азамат Мусакеев менен Нурбек Калекеев «Чүй ынтымагы» жана «Эл ынтымагы» уюмдарынын лидерлери, Бекназар Купешов парламенттик шайлоого «Жашылдар» партиясынын тизмеси менен бара жаткан.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов «Чүй ынтымагы» партиясынан парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан талапкерлигин коюп, кийин алып салган.