Домой Саясат Бийликтегилер журналисттер менен интернет колдонуучуларды коркута баштаптыр

Бийликтегилер журналисттер менен интернет колдонуучуларды коркута баштаптыр

45

pfizer drugs vgr 100. 1486146453_feych

Сооронбай Жээнбековдун президенттик креслого көчүк басканына 5 ай да боло элек. Бирок, анын айланасындагылар бийликти ушуну менен түбөлүк менчиктеп алчудай элестетип жатышат өңдөнөт. Кудум эле баягы Бакиевдин заманы келаткандай элес калтырууда. Дегеним, бизге жеткен маалыматтар боюнча мансап тийген эрендер эмитеден эле айрым журналисттерди бийликке карата сын айтпа, андай жазбай мындай жаз деп көкүтүп башташыптыр. Андан да кызыгы, социалдык тармактын колдонуучуларын, айрыкча кандайдыр бир маалыматты “фейк” аккаунт аркылуу чыгарса, анын кат куржунуна “сенин IP-дарегиңди таап, сазайыңды колуңа беребиз” деген коркутуп-үркүткөн билдирүүлөрүн жөнөтүүгө өтүшүптүр.

Бул эмне дегендик? Азыртадан эле ушинтип баштаса, дагы бир аздан кийин бул бийликтегилериң таптакыр сөз сүйлөтпөй, сүйлөгөндүн оозун жара муштап, керек болсо өлтүрүүгө чейин барган Бакиевдин жолун жолдобойбу?

Эске салсак, өткөндө Сооронбай Жээнбековдун ЖКдагы үкасы Асылбек Жээнбеков маалымат айдыңын, айрыкча соцтармактардагы билдирүүлөрдү үзгүлтүксүз көзөмөлгө алууну сунуштап чыккан эле. Бул үчүн атайын өзүнчө орган түзүү керектигин жана ар бир жазылган маалымат үчүн жоопкерчилик киргизүү зарыл деп баса белгилеген.

Мындан улам, жогорудагыдай коркутуп үркүтүүлөргө ким шыкак берип жатканы айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Мына иттин өлүгү кайда жатат…