2-мартта “Ала-Тоо” аянтында абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митинги өттү. Анда митингдин катышуучулары бийлик өкүлдөрүнүн чыгышын талап кылышкан. Коомчулукта эл алдына бир дагы депутат чыкпаганы сындалып, талкуу жаратууда.
SUPER.KG порталы “Ак Үйдүн жанында эки миңдей жаран жарым күн бою митинг өткөрүп, бийликтен өкүл чыгышын күтүштү. Мындай учурда эл өкүлдөрү болгон депутаттар жарандардын үнүн угуу үчүн чыгышы керек беле?” деген собол салды.
Экс-министр Нурланбек Шакиевдин айтымында, эки миң адам болобу, эки адам болобу Кыргыз жарандары кандай гана нааразычылык менен Ак Үй алдына чыкпасын, бийлик тарабынан тийиштүү адамдар чыгып же кабыл алып угууга милдеттүү.“Өкүнүчтүүсү бийлик элди нааразычылыктын жеткен чегине жеткирип, чыдамын түгөтпөй, маселени ырбатпай алдын ала чечиши зарыл. Антпесе чыдамы кеткен эл такыр айласы кеткенде митингге чыгууга мажбур болушат. Бийлик Садыр Жапаровдун маселесин ушунчалыкка жеткирбей эле мыйзамдын чегинде чечиши керек эле. Тилекке каршы митингге Садыр Жапаровдун жактоочулары эле эмес, башка дагы кызыкчылыктагы адамдар келишкени көрүнүп турбайбы. Андыктан дароо эле Ак Үйдөн тиешелүү кишилер чыгып, ынанымдуу жооп берип коюшканда мынчалык кесепеттер болмок эмес. Эң башкысы кандай гана нааразычылык акциялары болбосун жаңыча маданиятка, коом деңгээлиндеги ыкмаларга үйрөнүшүбүз керек. Аянтка чогулуп алып эле Ак Үйдү карай чуркоону, чабуул коюуну токтотушубуз зарыл. Талаптарды тактап, дааналап коюуну үйрөнүп, бийликти сүйлөшүүгө мажбурлоого өтүү керек. Антпесек дүйнө жүзүнө ар кандай терс мааниде уятка калышыбыз мүмкүн”, – дейт Шакиев.Булак:Супер.кж