Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев соттук-психиатриялык экспертизадан өтүүдөн баш тартты. Психиатрлар УКМКнын убактылуу камоочу жайына келишкен. Бирок мурунку президент дарыгерлердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тарткан.
Айткандай, экспертизадан Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова өтүшкөн.Алар экспертизадан кантип өткөрүшөт, эмне деген жыйынтык чыгарышат деген шылдың, мазак иретинде атайын өтүшкөн. Текшерүү сүйлөшүү аркылуу жүргөн. Жыйынтыгы 10 күндөн кийин даяр болот.
Булак: Фабула