Домой Дүйнөдө Бийлик оппозицялык журналисти » Жер шарындагы коррупциянын жайылышына себепкер болгон» деген...

Бийлик оппозицялык журналисти » Жер шарындагы коррупциянын жайылышына себепкер болгон» деген айып менен дарга асты

60

Бийлик оппозицялык журналисти » Жер шарындагы коррупциянын жайылышына себепкер болгон» деген айып менен дарга асты.

Иран Рухолла Зам аттуу оппозициячыл маанайдагы журналисттин өлүм жазасына тартылганына байланыштуу эл аралык айыптоолорго кабылууда. Журналисттин онлайн-ишмердүүлүгү Иранда 2017-жылдагы өкмөткө каршы акциялардын башталышына түрткү берген деп эсептелинип келет.

Оппозициялык маанайдагы «Амад ньюз» telegram-каналынын 47 жаштагы жетекчиси Рухолла Зам 12-декабрда дарга асылган. 

Ага «Жер шарындагы коррупциянын жайылышына себепкер болгон» деген айып коюлган. Адатта мындай күнөө тыңчылык жана бийликти кулатуу аракети үчүн айыпталгандарга коюлат.

Сот өкүмү мыйзамга таянып ишке ашканын 14-декабрда президент Хасан Роухани өзү билдирди.

Иранда түрмөгө камалганга чейин чет өлкөдө бозгунда жүргөн Зам 2019-жылы Иракка баратканда атайын кызматтын өкүлдөрү тарабынан кармалган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Кошмо Штаттар Зам Рухолланын «адилетсиз жана варвардык» өлүм жазасына тартылганын чечкиндүү түрдө айыптай турганын билдирди. Буга чейин БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет журналисттин дарга асылгана байланыштуу кыжырдануусун билдирип, Тегеранды өлүм жазасын колдонууну токтотууга чакырган.

14-декабрда Ирандын президенти Хассан Роухани Зам өлүм жазасына мыйзамдын негизинде тартылганын, Ирандын сот системасы көз карандысыз экенин билдирген.