Домой Коом Бийлик Чоң-Алайга 1500 памирлик кыргызды көчүрүп келүүгө белсенип жатат

Бийлик Чоң-Алайга 1500 памирлик кыргызды көчүрүп келүүгө белсенип жатат

9
Ош облусунун Чоң-Алай районуна 400 үй-бүлөдөн турган 1500 памирлик кыргыз көчүрүп келинет. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, бул багыттагы иштер 2022-2024-жылдар аралыгында жүзөгө ашырылат. Жалпысынан 244,5 миллион сом каралган. Аларды жайгаштырууга Чоң-Алайдын Кашка-Суу айыл аймагынан 70 гектар жер бөлүндү.
Анын ичинен быйыл кандаштарга 30 турак жай куруу пландалып, ага 77,2 миллион сом сарпталат.
Ошондой эле министр өлкө эгемендикти алган 1991-жылдан бери Кыргызстанга 75 миң этникалык кыргыз көчүп келгенин кошумчалады.