Домой Саясат Бийлик аламанга даярданууда

Бийлик аламанга даярданууда

21

Октябрь айында бийлик парламентке катыша турган негизги партиясын алып чыга турганы, учурда ага даярдык кызуу жүрүп атканы кабарланды. Азырынча көп сырларды ачыкка чыгарбоого аракет жасашканы байкалат. Партияга ким лидер болот, катарына кимдер тизилет?

Бул өңүттө таккесе бүтүм чыга электиги, тизме дагы кыйла өзгөрөрү айкын. Биздин баамыбызда, бийлик партиясына мурда чыр-чатактарга аралашпаган жаңы фигураны алып чыгышы мүмкүн. О.э. түндүк — түштүк балансына да тыкыр көңүл бурулуп атыптыр.

Сыягы, лидерди түндүктөн шайлашары мыйзам ченемдүүлүк катары каралса керек. Мындан сырткары, дагы бийликчил эки «клон-партия» болушу да божомолдонууда. Алар дагы күжүлдөшүп, күн алыс чогула калып акылдашып жатышканынан кабардарбыз. Буюрса жакында картаны ачабыз.

Булак: Азия ньюс