Домой Коом «БеспределKG» баракчасынын администратору эки айга чейин камакта болот

«БеспределKG» баракчасынын администратору эки айга чейин камакта болот

38
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Facebook тармагындагы «Беспредел KG» баракчасынын администратору эки айга камакка алынгандыгын билдирди.

Атайын кызматтан жаңы комментарий берип, камалган киши соцтармак колдонуучуларына билип туруп эле калп жана чагымчыл маалыматтарды таратты деди.

«Алар адамдардын мыйзамсыз жана зордук-зомбулук аракеттерин ойгото турган калың элдин арасында терс маанайды жаратты. Жыйынтыгында аймактар аралык кастыктын отун жагып, бири-бирине жек көрүүчүлүк пайда болду», — деп айтылат маалыматта.

Биринчи Май райондук сотунан анын баш коргоо чарасы каралып, 2020-жылдын 24-январына чейин УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилди.

Маалымат кызматынан токтомдо шектүү соцтармактагы кайсы баракчанын администратору экендиги көрсөтүлбөгөндүгүн тактап айтышты.

Материалдар Жазык кодексинин 313-беренсинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун («Аймак аралык кастыкты козутуу») негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Булак: Спутник