Домой Криминал Беш жүз сомду жеп жибериптир дейт

Беш жүз сомду жеп жибериптир дейт

63

акча, сом

Ош шаарынын Жол кайгуул кызматында иштеген Мухаммед Караев деген жигитти ИИМдин коопсуздук кызматкери бир кабинетке чакырып алып сабап салган экен. Таяк жеген минтет: “Бир апта мурун бирөөнү кармап айып пул салгам. Анткени, ал терезелерин караңгылатып жүрүптүр. Ошондо бирөө телефон чалып мен коопсуздук кызматынан болом, айып пул салба деген. Мен анын тилин алган эмесмин”. Ал эми таяктады деген тарап: “Ал пара берүүгө аракет кылган. Кармайбыз дегенде беш жүз сомду жеп жиберип терезеден секирген” дейт. Бул окуяда күнөө кимде экендигин прокуратура иликтеп жатат. Баса, ИИМдин коопсуздук кызматында иштегендерди “гаичилердин рэкети” деп коёт экен…