Бишкектин күн батыш тарабындагы Сокулук районунун Ново-Павловка айылындагы үйлөрдүн биринен белгисиз кылымдарга таандык кумура табылыптыр дегенди угуп ошол жакка жөнөп калдык. Биз барганда үй ээси казуу иштерин токтотуп коюп, археолог-тарыхчылардын келишин күтүп жаткан экен. үйдүн ээси өзүн Алиев Таалай деп таааныштырып, бул үйдү 7-8 жыл мурун кыргыздардан сатып алганын айтты. Жер алдынан 70-80 см. тереңдиктен табылган узундугу 1,15, айланасы 75 см. болгон кумуранын түбү тешилип калганы менен калган жактары бүтүн бойдон туруптур. Таалайдын айтымында, тарых музейинен адистерди чакырышкан, бирок азырынча эч ким кызыгып келген эмес.
Назгүл Осмонова