Домой Тагдыр Белек: «Кызганычтын кесепети ден соолугума терс таасирин тийгизди!»

Белек: «Кызганычтын кесепети ден соолугума терс таасирин тийгизди!»

603

Тагдыр

“Бактылуу үй-бүлөнүн бузулушуна айрым учурда ашыкча кызганыч деле себепкер болоору баарыңыздарга маалым болсо керек.Андыктан, биз бүгүн бир топ жыл аялынын кызганычынын азабын тартып, акырында оорукчан адамга айланган Белек мырзанын кейиштүү тагдыры тууралуу баянды гезит бетине жарыялап коюуну туура көрдүк. Балким, бул баян башкаларга сабак болуп калгысы бардыр…
-Чектен чыккан кызганычтын кесепети адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизерин эми билип жатам… Эмесе кеп башынан болсун. Учурда экинчи аялым менен жашаймын. Биз биринчи жолу жолукканда эле жылдызыбыз келишип калгандыктан, башкаларга окшоп убакыт өткөрүп бири-бирибизди сынабастан тез эле баш кошуп алганбыз. Башында тынч эле жашап атканбыз. Балээнин баары бир айдан кийин башталды. Кечинде иштен чарчап келсем телефонумду текшергени жаныма батып кетти. Сабырдын да чеги болот экен. Бир күнү чыдай албай кетип:
-Жумуштан жөн иштетпей кайра-кайра чалып тажатканың аз келгенсип, эми үйдөн да телефонумду текшерип кыжырга тийип жатасың. Менин телефонум менен сенин кандай ишиң бар?!-дедим ызырынып.
-Эмнеге ишим болбошу керек?.. Мен сенин аялың болгондон кийин баарын көзөмөлдөп турушум керек!-деди албууттанып.
Ошондо ага үйлөнгөнгө чейинки ээн-эркин басып жүргөн күндөрүм эсиме түшүп кеткендиктен карманалбай:
-Башымды оорутпай жоголчу… Сен кимсиң менин баскан-турганыма кийлигишкидей!-десем, бир аз тыйылып калгандын ордуна ого бетер күчөп:
-Сен жогол! Керек болсо жумушуңа чейин барып кимдер менен иштеп жатканыңды көрөм… Балким, ал жактан менден да сулуу башка бирөөнү таап алгандырсың-деп тим эле зым менен нервди сайгылап жибергендей сүйлөдү.
-Акмак! Оозуңа карап сүйлөсөң…-деп жанына жакын басып барып тап берсем жанталашып сыртка чыга качты.
Артынан кубалап барып урган деле жокмун. Анткени ага үйлөнөрдүн алдында өзүмдүн бир тууган таекем: “Аялыңды сабаган-өзүңдүн энеңе кол көтөргөнгө барабар. Андыктан ачууң тарагыча көзүнө көрүнбөй эле койгун…”-деп өзүнүн турмуштук тажрыйбасынан бөлүшкөн эле. Ошон үчүн акырын көчөгө чыгып кеттим. Кошуна байке менен сүйлөшүп турсам аялым дегеле таптакыр урушпаган кишидей түр көрсөтүп аны менен сылык учурашкандан кийин: “Жаным, сен жок кекиртегимден тамак өтпөй жатат. Жүрөгой, бултушкам-деп колумдан кармап үйдү карай жетеледи. Ошону менен бир заматта ачуум тарап кетти… Бирок, баягы кызганган жаман адатын эч таштай албай койду. Акыры “бир күнү эсине келер” деп күтүп жүрүп арадан көп мезгил өттү. Экөөбүз бала-чакалуу болуп турмушубуз өз нугунда өтүп жатса да телегейим тегиз эмес. Дегеним, аялым жашы 40төн өтүп калса да кызганычтан эч арыла албай койду. Ал тургай ага психологдун да жардамы тийбеди. “Ашыкча кызганыч-бул өтүшүп кеткен дарттан да жаман турбайбы, көрсө”-деп кээде терең ойго баткан учурларым да болду. Таң калганым, аялыма кыжырым келген учурда мени эркелетип жакшы сөздөрдү айтып алдап-соолап койсо эле эмнегедир жибим кетчүмүн. Жибигеним курусун… Анын кызганычы ден соолугума залакасын тийгизгендиктен акыркы күндөрү ойлонуп атып оорукчан адамга айланып баратканымды сезе баштадым. Мурдагыдай жайдары болбой урушчаак болуп калганымды тааныштарымдын баары айтып калат. Баарына кол шилтеп ажырашым кетейин десем ага намысым жол бербейт. Ачыгын айтсам эмне кыларымды билбей калдым…

Даярдаган: Нурболот ИСАМИДИНОВ

Булак: Багыт гезити