Домой Саясат Бекешовду белге тепчүлөр жок эмес

Бекешовду белге тепчүлөр жок эмес

27

Төрт тарабы төп келген адам болбойт. Сөзсүз бир кемчилиги болот дечи. Анын сыңарындай парламентте деле кокуйлагандар, ошолорго өрнөк көрсөтүп, көп учурда маанилүү кебин айткан эл өкүлдөрү деле жүрөт аралашып. Алардын бири катары Дастан Бекешовду айтсак бирөө кой демек беле? Ал биздин эркибизге жараша эмеспи. Өткөндө парламенттин трибунасынан ушул депутат түз эле ажого кайрылган: -“ Матраимовду камап салбасаңыз калк таразасында жеңил бааланып каласыз”- дегендей таризде. Ошол кепти эшиткендер Дастанга ичтери жылый түшкөн. Матраимовчулар болсо муштумун түйгөн шашпагын деп.

Андан соң эле Бекешовду белге тебиш үчүн жеңин түрүнгөндөр пайда болду. Айрыкча Ормуковдун “опузасынын” ысылыгы эмдигиче тарай элек. Чамасы кылыч шилтегенди анчалык баамдай албагандарды бурап туруп кое беришкен шекилди. Негизинде учурда бирөөнө чап салганда өзүнө окшошторду тукуруу көндүм адатка айланды. Бул да болсо биздеги “жетишкендик” экенин айта кетели. Туурасын айтканда өзгөлөргө караганда Дастан деген депутаттын багыты анчалык кыйшаңдабастыгын коомчулук билет. Ал кээде бир да депутат айтпаган фактыларды ачыктап жиберет.

Ал тургай коррупциячыларды, контрабанда менен шугулдангандарды камчы менен жон талаштыра чаппасак болбой калды деген катуу кебин парламенттин трибунасында агытты. Ошол сөздү уккандардын кээ бирлеринин жону ысый түштү. Акыйкатта андайлар биздин өлкөдө оголе көп. Антсе да колтугуна кысылган “котур таштарды” мелжеген жерге тийгизүүгө аракет жасагандар ачык эле көрүнүп калат турбайбы. Баса, шерденген Раим Матраимов Ширин Айтматованы, “Азаттыктын” кабарчысы Али Токтакуновду сотко берем деди. Алардын ичинде Дастан Бекешов болорун билбейбиз. Эгерде каяша айткандардын баары менен соттошо турган болсо Ракенин өмүрү жетпейт го? Таяктын эки учу бар экендигин биле жүргөн оң болот деп сөзүбүздү кыскарталы. Түшүнгөндөр эмес, оң кепти моюндагысы келбегендерге дагы каршылыгыбыз болбойт.

Булак: Ачык сөз