— Бекбосун агай, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов өлкө башчысы болуп калса өлкөбүздү экономикалык жактан өнүккөн алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошууга убада берүүдө. Бирок, жаңы Баш мыйзам боюнча президенттин экономикалык иштерге аралашканга тыңгылыктуу деле ыйгарым укугу жок да. Экономикалык маселелердин баардыгын премьер-министр карайт. Шайлоо алдындагы мындай убада берүү элдин көзүн будамайлоого жатпайбы?
— Абдан туура айтасыңар. Чындыгында 1-декабрдан баштап жаңы президентте Башмыйзамдын 5-беренесиндеги экономикалык маселелердин баардыгы премьер-министрге өтөт. Президент экономикалык маселелерде толук кандуу иштей албайт. Керек болсо президенттин колу да кереги жок, премьер-министр өзү эле иштерди жүргүзө берсе болот. Ошондуктан, бул жагынан аша чаап, эски эле көнүп калган көз караш боюнча кетип жатышат. А бирок, келечектеги президентте колдоно турган жакшы жобосу бар. Эгер ошол мүмкүнчүлүктү колдоно алса. Маселен, “президент ички-тышкы саясатты аныктайт” деген жобо бар. Ошол саясатты аныктаганда, аны аныктагандын жолу деле көрүнүп турбайт. Мисалы, Россия федерациясында, Казакстанда президенттер ички-тышкы саясатты кайсы убакта, кантип аныктайт дегенде анын өздөрүнүн механизмдери бар. Ал механизм, мисал үчүн элге, парламентке кайрылуу. Ошондой менен аныктайт да аларда. А бизде андай дагы механизм жок. Биздин Баш мыйзамдагы жетишпегендиктин бир жагы ошол. Азыр жеке эле Өмүрбек Бабанов эле эмес, башка талапкерлер дагы “экономиканы баланча пайыз өстүрөбүз, тигинтебиз-минтебиз” дешип жатпайбы. Ошон үчүн булар деген өздөрүнүн ыйгарым укугу Баш мыйзамдагы 3-бөлүм, 60-берене боюнча иштешсе жакшы болмок. Анткени, баягыдай эле эскиче эле “мен барсам баланча процентке чейин экономиканы өстүрөм” деп жатышпайбы? Мунун өзү туура эмес.
— Мындай шартта талапкерлердин кимиси болбосун реалдуулукка жакындабаган программасын айтып чыгышса, алар боюнча чындыкты айтышыбыз керекпи?
— Албетте, журналисттер, тиешелүү адистер ушундай реалдуу эмес программаны алып чыккандардын жүздөрүн ачып, “ай, бул сенин колуңдан келбейт, анткени, президенттин андай ыйгарым укугу жок, андай иштерге кийлигишсең өкмөт болуп каласың, а биз өкмөттү эмне кылабыз?” – деген өңдүү маселелерди көтөрүп чыгышыбыз керек. Анан эле булардын айткандарына макул болуп эле кулакка “лапша” илдире бербей, “сен президент болуп калсаң кайсы ыйгарым укуктун негизинде, кайсы мыйзамдын ченеминде ушуну кыла аласың? Кана айтчы?” – дешибиз керек. viagra jelly for sale uk 123.