— Өткөндө «Коронавирус» деген темада талкуу кылдык эле, бүгүн Капитал «вирус» жөнүндө маек кылууну сунуштап жатасыз. Эмне жөнүндө айтып бересиз?
-Мен биздин маегибизди тарыхый анализ менен баштап берейин. СССРдин дүйнөлүк саясий картадан жоголуп кеткенине 30 жылга жакындап калды. Ошол кездеги элиталардын 100 % эми биз эгемендүүлүккө жеттик, коомдогу өзгөрүүлөр батыштын «үлгүлүү» формуласы менен жолго салынып өнүгөбүз деп «космосту» эңсеп калганбыз. Мына ушул жагдайды изилдеп көрсөк, мурунку Совет өлкөлөрүнүн жомоктогудай кыялдануусу Борбордук жана Чыгыш Европалык өлкөлөр менен жуурулушуп кеткени дагы эле эсибизде. Кыргызстан адегенде Швейцария, Турция болобуз деп жүрүп азыркы Кыргызстанды тандап алганыбыз тарыхый факт. Чыныгы плюралистик демократияга, жарандык коомдун өнүгүшүнө, социалдык теңчиликке, ачык экономикалык саясатка жана эл аралык экономикага тең салмактуу катышууга жетишебиз деген ураан өлкөбүздүн негизги багытына жол ачып берчүдөй сезилген.
Кыргызстан менен башка советтик өлкөлөр азыр СНГ, ШОС, ОДКБ, ЕАЭС деген жаңы интеграциялык кошуунга кирсек, Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрү Европалык Союз коомуна мучө болушту. Айырмасы ушунда.
Эске ала кетчү бир нерсе – ошол убакта мурунку советтик өлкөлөр Евросоюзга киребиз деген пикир эч кимдин оюнда болгон эмес, НАТОну айтпай эле коелу.
—Азыр эмнеге жетиштик?
-Көпчүлүк Советтик өлкөлөр жашоо деңгээли жагынан өнүккөн өлкөлөрдүн стандартына жакындай албай жатканыбыз азыркы мезгилдин чындыгы.
Акыркы 30 жылдын ичинде мурунку социалистик системага кирген беш эле өлкөдө – Польша, Венгрия, Словения, Чехия жана Словакияда элдин жашоо деңгээли, аз болсо дагы жогорулады. Калган Советтик өлкөлөрдө бир аз өнүгүү болгону менен, мурунку СССРдин мезгилиндеги экономикалык көрсөткүчтөрдү камсыз кыла албай жатабыз. Жакырчылыкты жоёбуз деп мамлекеттик программаларды алганбыз жогоруда айтылган пикирге толугу менен күбө боло алат. Бириккен Улуттар Уюмунун ХХ кылымдын аягы, ХХI кылымдын башында берген маалыматы боюнча, мурунку Советтик өлкөлөрдүн 140 миллиондон ашык калкы күнүнө 4 долларга жетпеген киреше табышса, 1980-жылдардын аягында, мынчалык кирешени тапкандардын саны 60 миллиондон ашыгыраак эле калк болгон.
Ошол мезгилде дээрлик баардык Советтик өлкөлөрдө коомдук жашообуздун принциптери бузулуп (ар кандай деңгээлде), ал эми кээ бир өлкөлөрдүн Орто кылымдын башкаруу системасын «эңсеп» калганы, анын себептерине жооп издөөгө жол ачып берди.
— Биринчиден, плюралистик демократиянын ордуна, авторитардык жана илең-салаң демократиялык урааны бар өлкөлөр пайда болду.
— Экинчиден, жарандык коом өзүн-өзү уюштуруучулук милдеттеринен баш тартып, «айкөл» жетекчилерге ишенимибизди артып, жоопкерчилик сезимибиз бир кыйла төмөндөдү.
— Үчүнчүдөн, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багыталган базар экономикасынын ордуна материалдык теңсиздик жана жакырчылыкты жараткан капиталистик коомдун «терисин» жамындык.
— Төртүнчүдөн, ошол мезгилдеги эгемендүү өлкөнүн башчыларынын көпчүлүгү, экс-СССРдин территориясында жаңыланган интеграциялык кошуунду (союз, бирикме) курабыз деп берген убадалары ишке ашпай, тескерисинче дезинтеграциялык аймактын пайда болушуна алып келди. Ар бир өлкөнүн Президенти экономиканы ойлобой «этиканы» бийик кармап, бири-бирине ишенбей аңдышкан, кээ бирөөлөр касташкан өлкөлөргө айланды. Буга азыркы Россия менен Украинанын, Грузиянын жана Балтика өлкөлөрүндөгү кырдаал мисал боло алат.
—Азыр ушундай кырдаалда, орус интелегенциясынын: ким күнөөлүү жана эмне кылуу керек деген суроосу пайда болот? Сиздин ушундай суроого өзүңүздүн жооп-пикириниз кандай?
-Эми өткөн тарыхты кайра артка жылдыруу мүмкүн эмес, сен суроону менин маалыматымды баамдагандай эле учурунда бердиң. Ким күнөөлүү деген суроого, мен ачык жана так жооп бергенине аракет кылайын. 1991-жылдын 19-августунда болгон «август путчасы» ийгилике жетишпей калганына карабастан, сепаратистик жагдайды түзүп, СССРдин түзүмүнө кирген мамлекеттердин элиталары өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын ойлоп, эгемендүү өлкөлөрдү башкарып калууну эңсеп, жерден издегени асмандап түшкөндөй болду. Мен мындай ахвалга сырткы-үчүнчү күчтөрдүн дагы таасири тийгенин айта кетишим керек. Бул окуя Батыштын ХХ кылымдагы чоң жеңши болду. Дээрлик баардык Президенттер (мурунку союздун республикалардагы секретарлары), СССРди «куран» окубай туруп эле көөмп салып, эми «жылдызга» барып жашайбыз деген кыялда, ар бири өз мамлекетин башкарып калганына сүйүнүп эле калышты. Кийин эмне болгонун, баарыбыз көрүп, билип жүрөбүз: бирөөлөргө жаман болсо, башкаларга абдан жаман болду. СССР жаңы «чепкен» кийинип жашайт деген «кыялдар» жокко чыкты. СССРди кулатууга Батыштын акчалуу кожоюндарынын эрежеси менен иштеген негизи «актерлор» М.Горбачев жана Б.Ельцин (дагы бир топ либералдардардын) ролу, биз маек кыла труган капитал «вирустун» тоскоолдуксуз киришине ыңгайлуу шарт түзүп берди. Себеби ага каршы турган СССР деген держава жоголду.
-Өткөндө маегибиз «Коронавирус конок эмес» деген теманын алкагында болгон эле, азыр капитал «вирус» жөнүндө айтып калдыңыз. Экөөнүн айырмасы эмнеде?
-Адегенде капитал «вирустун» пайда болуу тарыхына токтолуп кетейин. Азыр, кылымдар бою архивде сакталып келген маалыматтар ачыка чыгып, көп окумуштуулар үчүн өткөн мезгилге кайрадан баа берүүгө мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Мен сенин чыдамыңа «май» тамызбай, алдын-ала айтып коёюн.Вирус болгондон кийин экөө тең эле жаман нерсе. Коронавирусту бардык мамлекеттер бир аз мезгилдин ичинде (жарым же бир жылдын ичинде) жеңип чыгаары шексиз. Ал эми капитал «вирус» менен дүйнөдөгү мамлекеттер (олигархтардын «мамлекетин» кошпогондо), бери болду дегенде 100 жылдан ашык чогуу жашап, күрөшүп, бирок жеңе албай келе жатабыз. Тарыхта капитал «вирусту» жеңебиз деген мамлекет башчылары (Американын президенти Джон Кеннединин тагдыры мисал боло алат) «вирустун» кожоюндары тарабынан буйрук менен атып өлтүрүлгөндөн кийин, мындай канкордукка каршы туруу үчүн, күчтүү, жаңы мамлекеттердин пайда болуу зарылчылыгы келип чыкты. Биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуштун «авторлору» байлыкты, дүйнөнүн саясий, экономикалык картасын кайра бөлүштүрүп, (60 миллиондон ашык курман болгон адамдардын тагдырына карабай, ааламга биз гана кожоюн болобуз деген тилегине азырынча жетишти деп айтсак болот.
Бирок, Батыштын азыркы геосаясаттагы акыбалы бошоңдоп, мурункудай ааламды капитал менен башкаруу системасы алсырап, «Дүйнөлүк өкмөттүн «вирус» таажысынан ажырап баратканын өзүлөрү дагы сезе баштады. Азыр, АКШнын өзүндө граждандык согуш чыкпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Мындай жагдайдын пайда болушунун эң негизги себептери:
— Биринчиден, геосаясатта лидерлике атаандаш боло турган Россия, Кытай, Индия, Иран ж.б. мамлекеттердин пайда болушу.
— Экинчиден, Капитал дүйнөсүндө кожоюндук кылган Америка, Улуу Британия жана башка Батыш өлклөрүнүн негизиги куралы болгон «доллардын» дүйнөлүк экономиканы колдой турган валюта эмес, аны глобалдык кризиске алып келүүчү «вирус» болуп калгандыгы.
—Сиз кеп кылган капитал «вирус» деген доллар турбайбы?
-Ооба, туура баамдадың. Рахмат, журналист деген сендей көп кырдуу, экономиканы, тарыхты, философияны талдай билсе, анда Кыргыз журналистикасынын келечеги бар деп ойлойм. Эми, мен ток этер жерин айтайын. Экономиканын мыйзамы боюнча, коомдук өнүгүүнүн ар кандай системасына карабастан, акчанын саны товардын көлөмү менен түз байланышта болот. Эгерде дүйнөлүк экономиканы тейлөөгө болжол менен 400 триллион доллар эмиссия болсо, анда аны реалдуу камсыз кыла турган товардын баасы дагы 400 триллион доллар болуш керек. Азыркы дүйнөлүк акчанын кожоюндары бул мыйзамды одоно бузуп, өзүнүн кызыкчылыгын козгогон «комитет 300» деген массондордун жана олигархтардын коому аркылуу дүйнөлүк экономика, финансы майданында, доллардын жомоктогудай «касиети» менен баарыбызды каалагандай башкарып келе жатат. Американын Федералдык резерв системасы (ФРС) доллар чыгарган фабриканын жападан-жалгыз ээси болгонуна быйыл 76 жылга айланды. 1944-жылы Американын Бреттон-Вуд шаарында откон конференцияда долларды эл-аралык акча жана соода жургузуу системасынын жалгыз валютасы катары кабыл алынган. Андан кийин дагы доллардын ролун бекемдөө максатында эл аралык конференциянын чечими менен (1971-1976 жылдары) доллар алтындан дагы кымбат товарга айланды. Жөнөкөй тил менен айтканда, алтынды казып, өндүрүү үчүн биз доллар «байкеге» жалдырап барышыбыз керек. Демек биздин алтын байлыгыбыз доллар чыгарган станокко көз каранды, эл-аралык мыйзам, биздин улуттук мыйзамга үстөмдүк кылып, бизди доллар башкарып жатпайбы. «Кум-Төр» келишими мына ушул саясаттын капканына түшүп калган. Алтынды казып алып, аны кайра иштетүү үчүн эмне деген убакыт, каражат талап кыланаары баарыбызга маалым. Ал эми олигархтар,убакыт менен каражатты станоктун кнопкасы менен «баалап», аны басса эле, дүйнөнү доллар энчилеп алганы, «вирус» эмей анан эмне. Эгерде, долларды карызга алып, бутуна туруп байып кеткен олколор бар болсо, анда, долларды «вирус» дебей «дурус» турбайбы деп жашай беришет эле. Андай болбой жатпайбы. Станоктон чыккан доллар копчулук мамлекеттерди карызга батырып, коз каранды кылып, кааласа жерин, байлыктарын четинен ала береери шексиз. Бул максатты ишке ашырып жаткан олигархтардын эл-аралык институттары – ФРС, Эл аралык валюта фонду, Дуйнолук банк, Европалык онуктуруу банкы ж.б. убакытты текке кетирбей иштеп жатышат. Ал тургай мындай кызматты аткарууга (кээ бир учурда) БУУнун кошулуп калганы тан калтырбай койбойт. Коптон бери эле, эл аралык деген статусту жамынган мекемелер долларга кызмат кылышат. Доллар дуйнонун элин озунун мыйзамы менен иштетип, жашатыш учун «вирус» болуп экономикага гана эмес, билим менен илимге, саламаттыкты сактоого, идеалогияга, религияга кирип кеткен. Анын белгилери азыр деле белгилуу боло баштады. Бир кызык жагдайды айта кетейин. Интернет аркылуу дагы «вирус» кирип жатканын (жаңылыктарды айтпаганда) карапайым элибиз көп учурда байкабай турат. Азыр баарыбыз үйдөн чыкпай, дээрлик жумуш кызмат кылуу интернет аркылуу болуп жатканы коопсуздукту жаратпайбы деген ой бар. Азыр 100% тынымы жок иштеп жаткан эки гана мекеме бар – интернет менен ресурстарды сатуу биржалары. Мунун аркасы эмне менен аяктарын божомолдоп айтуу кыйын деле эмес… Бүгүнкү миллионер менен миллиардерлер эртең эбегейсиз байлыктын ээси болуп калаары шексиз.
—Сиз айткандай капитал «вирустун» капканынан кутулууга мүмкүнчүлүктөр барбы? Деги эле экономикалык кризистен кантип чыга алабыз?
— Биринчиден, менин пикирим боюнча мүмкүнчүлүктөрдүн көпчүлүгүн дүйнөнүн кожоюндары өздөрү түздү окшойт. Азыр Американын өзүндө 17 миллиондон ашык жумушсуздук армиясы пайда болду, сырткы жана ички карызы 63 триллион доллардан ашып кетти. Глобалдык карыз 190 триллион доллардык чекке жетти, бул планетада ондурулгон товарлардын 230 % түзөт деп эл аралык валюта фондусунун директору Кристина Георгиева ачык эле айтты. Дагы бир кызык нерсе, президент Дональд Трамп американын тарыхында биринчи болуп, ФРСна күчүн салып коронавируска каршы чара көрүүгө 6 триллион доллар бөлдүрдү. Бул өзүнчө нонсенс. ФРС мамлекетке баш ийбеген жеке менчик банк. Мына ушулар негизинен доллардын «көбүк-жел» болуп калганын далилдей алат. Былтыркы жылдын апрель айында эле АКШнын нефти өндүргөн эң күчтүү «Hiting Petroleum» компаниясы банкрот болду, негизги себеби – долларды эбегейсиз суммада кредит катары ала берип, карыздан кутулууга мүмкүнчүлүгү жетпей калды. Ушуга окшогон фактылар, долларды басып чыгаруучу станоктун куну аяктап бара жатканына толугу менен далил боло алат.
— Экинчиден, мүмкүнчүлүктөр –дүйнөлүк лидерлике ээ болобуз деген Россия, Кытай баштаган өлкөлөрдүн пайда болушу менен аныкталат. Мына ушул мамлекеттер, жакынкы мезгилде доллардын дүйнөлүк валюта катары белгиленген статусун чектегенге (жок дегенде) катыша алат.
— Үчүнчүдөн, АКШ, Улуу Британия доллардын кожоюну катары Россия, Кытайга санкция жарыялап, тизелетебиз деген саясаты ишке ашпай калды. Бул системалык мүмкүнчүлүктөргө кирбесе дагы Россия, Кытай үчүн, экономикасын технологиялык жактан реформа кылууга шарт түзүп берди.
— Төртүнчүдөн, Америка баштаган Түндүк Атлантикалык Уюмунда (НАТО) ишенбөөчүлүктүн, ажырымдын «көлөкөлөрү» пайда боло баштады.
— Бешинчеден, акыркы үч жылдын ичинде дүйнөлүк саясатын жүргүзгөн батыштын Банк системасы финансылык кризиске учурап, жабылып жатканы, дүйнөлүк акча кожоюндарына болгон ишеничти жокко чыгара баштады. Мен жогоруда доллардын капканынан кутуулудан пайда болгон негизги мүмкүнчүлүктөргө токтолдум.
—Биз маек кылган капитал «вирустун» дүйнөлүк эконмикалык кризиске тийгизген таасири канчалык дэнгээлде болот? Биздин өлкөбүздө бул кырдаалдан чыгып кетүү мүмкүнчүлүктөрү барбы?
–Вирус бул медициналык түшүнүк. Вирустан айыгып, кутулууга болот. Буга дагы медицинанын кудурети жетет. Учурда, Кытай, Россия, Германиянын тажрыйбасы вирусту жоготууга мүмкүн экенине мисал боло алат. Коронавирустун ваксинасы капитал «вирустукуна» караганда ойлоп табыш бир топ женилиреек болот. Азыр маалымат майданында, коронавирус лабораториялык негизде, адам баласынын колу менен жасалган деген пикирлер көп айтылып жатат. Бир тарыхый фактыга токтоло кетейин. 1972-жылы 12-апрелде Бириккен улуттар уюму атайын бактерологиялык заттарды чыгарууга каршы Конвенция кабыл алган. Ошол конвенцияга АКШ кол койгон эмес. Эмне үчүн деген суроого жоопту, убакыт өзү тастыктайт окшойт. Коронавирустан кийин экономикалык кризистин болору шексиз. Аны Президентибиз деле айтып жатпайбы. Тарыхта көп эле экономикалык кризистер болгон. Кризистер көпчүлүк учурда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Буга Кытай, Россия, Вьетнам, Япония ж.б мамлекеттердин экономикасында болгон өзгөрүүлөрдү мисал кылып айтсак болот. Айтмакчы, кризис – деген сөз Кытай тилинде эки иероглиф менен жазылат: биринчиси – коркунуч, экинчиси – мүмкүнчүлүк дегенди билдирет. Мен өлкөбүзгө, коркунучту, мүмкүнчүлүккө айландырып, өнүгүү жолуна түшөт деген ишеничти айта кетейин. Калганын убакыт көрсөтөт. Учурда, экономиканы азыркы бийлик башкара албай жатат деген пикирлер айтылып жатат. Менин таң калганым, мурунку бийликтегилер бизге кайсы жыргаткан экономиканы мурас кылып кетти эле. Тескерисинче, статистикалык фактыларды терең анализдеп көрсөк, бир топ жылыш бар экендигин байкоого болот.
Демек, мамлекет менен өкмөт башчыларыбыздын саясаты колдоого татырлык Экономика «Билл Гейтс же Марк Цукерберг» эмес, көз ачып жумганча миллиардды санап калгандай. Экономиканын мыйзамдары убакыт менен бааланып, өнүгүү жолуна түшөт.
Кыргызстандын экономикасы жөнүндө башка убакыт таап, маек куралы.
—Кызыктуу маек куруп бергениз учун чооң рахмат!
-Сага дагы ийгилик каалайм!
Булак: Багыт