Домой Саясат Бейшенбек Ишенов, экономика илимдеринин доктору, профессор: «Коронавирус конок эмес…»

Бейшенбек Ишенов, экономика илимдеринин доктору, профессор: «Коронавирус конок эмес…»

1302

-Кытайда чыккан коронавирус азыр дээрлик бүткүл континентти каптады. Вирустун пайда болуу булагын окумуштуулар, кесипкөй врачтар ар түрдүү себептер менен байланыштырып, бир пикирге токтой албай жатканы бир чети элди тынчсыздандырып келсе, экинчи жагынан Кытай менен
Россия бийлигинин оорунун тизгинин тартып, басаңдатканы адамзаттын жашоого болгон үмүтүнө май тамызгандай сезилип жатат.

Азия, Америка, Африка, Европа аймактарын тарыхта көп эле вирус каптап,адам баласы ага туруштук берип жеңип келгенин азыркы жашообуз далилдей алат.

Ооба, жашообуздун деңгээли салыштырмалуу ар бир өлкөлөрдө ар кандай. Ааламда өнүккөн, өнүгүп келе жаткан, кедей мамлекеттер дагы бар. Жөнөкөй тил менен айтканда, бирөөгө чай жетпей жатса, башкалар майды танып жатышканы баарыбызга маалим. Азыр маалымат майданында вирус адам
баласынын колу менен жасалган бактерологиялык курал катары каралып, дүйнөлүк кагылышууга алып келет деген пикирлер дагы аз эмес.

20-кылымдын тарыхы (жеке эле менин оюм эмес) эки ааламдык окуя менен тыгыз байланышкан:

-экинчи дүйнөлүк согуш жана СССРдин саясий картадан жок болуп кеткени.

Мындай пикирди СССР мезгилинде төрөлүп, тарбия, билим алган мен эле эмес, батыштын көрүнүктүү (СССРди жоготууга түз же кыйыр түрдө катышкан) саясий ишмерлери Генри Киссинджер менен Маргарет Тэтчер ж.б. айтышканы далил боло алат.

Чыңгыз Айтматовдун «күнүгө адам болуп жашоо кыйын» деген учкул философиялык сөзүнун маанисине жалпы коомчулук түшүнүп баалай албай жатабыз. Эгерде адам баласы вирусту өз колу менен жасап чыгарса, анда ал өзү ким деген суроо баарыбызды таң калтырып, ойго салат.

Буга жооп издегендердин кыйласы вирустун пайда болушун табигый кубулушу катары баамдашып, кайчы пикирди жаратып турат.

Азыр канткенде ааламдашып бараткан вирустан кутулабыз деген максат экономикалык, финансылык жана саясий кызыкчылыктарга караганда актуалдуу болуп калганына (убактылуу болсо дагы) маани беришибиз керек. Дүйнөнү каптаган бир канча чума илдетин тарыхта адам баласы башынан өткөрүп, аны жеңип жашап келе жатпайбы. Демек, коронавирусту жеңебиз деген максат ишке ашаарына баарыбыз ишенишибиз керек. Ар бир жаран өлкөнүн жоопкерчилигин көтөргөн Президенттин, Премьер министирдин жарлыктарын бекем сактаганда гана вирусту жеңе алабыз. Азыр элибиз тартип, тазалыкты бекем сактап, врачтардын кесипкөйлүгүнө ишеним көрсөтүү менен жашашыбыз керек болуп турат. Тартипти сактабасак же ага кайдыгер карасак анда бул чыккынчылыкка тете.

-Сиз экономист катары, вирустун экономикага тийгизген таасирине көз карашыңыз кандай?

-Ооба, сиздин берген сурооңузга кыскача болсо дагы өз пикиримди айта кетейин. Эгерде биз вирусту күтүүсүз «согуш» жана чакырылбаган «конок» катары караганда, анын дүйнөлүк экономикага тийгизген таасири кыйла олуттуу болоору шексиз.
Ар кандай согуштун максаты-терреторияны же жер байлыгын басып алуу менен байланышкан. Бул эми аксиома. Мындайды түшүндүрүп айтуунун кажети жок. Вирусту эч ким байлык катары басып алгысы келбейт. Бирок,ушул вирустун айынан экономикалык жактан пайда көргөндөр менен кошо зыян тарткандар дагы жок эмес. Бир мисалды айта кетейин. Кытайда коронавирус пайда болду деген расмий маалыматтан кийин, 5-6 күн өтпөй, Кытайдын казынасына 20 миллиард доллардан ашык финасылык каражат түштү деген кабар тарады. Экономист катары мындай окуя мыйзамдын алкагында эле болду деп эсептейм. Кытай азыр дүйнөдө экономикасы өнүккөн биринчи өлкө. Анын экономикасына бир топ инвесторлор (көпчүлүгү Американын жана Европанын ишканалары) финансылык каражаттарын жумшашкан. Вирустун (башка дагы шарттар болушу мүмкүн) айынан Кытайдын улуттук акчасынын баасы долларга салыштырмалуу бир кыйла арзандап кетти. Муну убагында баамдаган инвесторлор акцияларын арзан болсо дагы сатууга аргасыз болушту. Эгерде Кытай вирустун «автору» болсо, анда аны дагы 3-4 ай «кетирбей» кармап турса, канчалык таза пайда табаарын эсептеш оңой эле.

Мындай көрүнүш глобалдык экономикага катышкандар үчүн мыйзам ченемдүү көрүнүш. Жөнөкөй сөз менен айтканда, Кытай учурдан пайдаланып (чет өлкөлүк инвесторлордун акцияларын арзан сатып алып) эң жогорку технологиялык завод, фабрикалардын негизги кожоюну болуп калышты.
Ошол эле учурда кээ бир компаниялар менен, олигархтардын финансылык жоготуулары миллиарддап саналат. Миллиарддап уткандары дагы жок эмес. Азыр интернеттен мындай
маалыматты издеп таап алуу кыйын эмес. Айта кетчу нерсе- экономикадагы күтүлүп жаткан кризис адамзатка вирустан дагы көп кыйынчылыкты алып келиши мүмкүн. Эртең Американын өзүндө (доллардын кожоюну болгон) инфляция, жумушсуздук, экспорт менен импорттун балансынын
бузулушу, тамак-аштын жетишсиздиги чоң проблеманы жаратышы мүмкүн. Доллардын тагдыры дагы бүдөмүк бойдон калууда. Мындай пикирди азыр, белгилүү экономисттер бери болду дегенде 4-5 жылдан бери айтып келе жатышат.

— Коронавирус адам баласынын колунан жаралышы мүмкүн деген суроого сиздин пикириңиз кандай?.

-Мен бул сурооңузга маегибиздин башында азыноолак жооп бергендей болдум окшойт.

Адамзат үчүн жаратылыш, ал тургай жогорку күчтөр дагы жашоого керектүү эң зарыл каражаттар менен камсыздалган. Биз дем алган абаны, сууну, тоо-токойду,кен-байлыктарын, Ысык-Көлдү, Арсланбапты бербедиби. Жаратылыш бизден бир гана нерсени күтөт, ал аны менен толук гармонияда жашасак эле болгону. Биз азыр 21-кылымда ушул талапты аткара алган жокпуз десем жаңылбасам керек. Жаратылышты көзүбүздүн карегиндей сактай билгенди коронавирустан кийин
деле үйрөнө билебиз деген ойду айтып чыгыш мага фантастикадай сезилет. Дүйнөлүк оллигархат капиталын көбөйтөбүз деген ураан 21-кылымдын карасанатай чындыгы болуп жатпайбы. Кыскасын айтканда, сиздин сурооңузга менин жообум:

Вирустун пайда болушуна адамзатынын түз же кыйыр тиешеси бар.

Так жообун убакыт айтып берет. Жаратылыштын талабы менен жашоо, биз үчүн азыр дагы кеч эмес. Байлыкты көздөп жаратылышка чыккынчылык менен мамиле кылып , бүгүнкү күндүн кызыкчылыгы менен жашасак, анда урпактарга эмнени менчиктеп беребиз. Буга кошумча, глобалдык бийликти көздөгөн олигархаттардын тилегине макул болуп олтура берсек, дүйнөлүк кризис эртең эле келбейт деп кепилдик берүү дагы кыйын. Ачык айтсак, вирус пандемиясы
дүйнөлүк кризиске катализатор болуп жатканы өкүнүчтүү.

— Сиз айткан кризис Кыргызстандын экономикасына канчалык деңгээлде таасирин тийгизет?

— Кыргыз мамлекети эл аралык финансы майданында оюнчу болуп катыша элек. Мындай ахвал азырынча биз үчүн жаман эмес. Буга, 1998, 2008-жылдарда болгон дүйнөлүк кризисте
Кыргызстан экономикалык кризиске учурабаганы далил боло алат. Бирок, биздин өлкөгө глобалдык кризистердин кыйырынан тийгизген таасири экономикабызды «атты тушап»
койгондой эле абалда калтыра берет. Мындай көрүнүштүн негизги себеби-доллардын дүйнөлүк акча каражаты болуп калганында. Азыркы учурда Кытай, Россия, Индия, Иран, Турция ж.б. өлкөлөр американын доллары менен ачык эле күрөшүү саясатына өтүшкөнү, батышты тынчсыздандырып
жатпайбы. Мына ушул жагдайда Владимир Путиндин саясаты глобалдык оюнчуларды ойлонтпой койбойт.

Эске сала кетсек, 2008-2009-жылдары кризистин пионери болуп Американын тасирдүү банкы-Lehman Brotherz банкрот болгон. Мындай финансылык абалдын себептерине токтолбой эле, мен бир нерсени айта кетейин. 20- кылымдан баштап эле доллардын кадырына доо кете баштаган. Азыр алтын барктуубу же долларбы деген суроого жооп издеп турган мезгил. Эми, Каныбек, экономика жагдайын тереңирээк айтып берүү өзүнчө маектешүүнү талап кылат деп ойлойм. Кызыктын баары мына ушул экономиканын алкагында болоору шексиз.
Азыр элибиз президенттин, өкмөттүн киргизген тартибин сактасак вирустан дагы кутулабыз. Коронавирус конок эмес, калпак кийгизип, алдына аргымак тартуулап узаткандай.
Тартип, тазалык жана врачтарыбыздын кесипкөйлүгү менен үйүбүздөн кууп чыгалы.

Маектешкен: Каныбек Сапаров