Домой Ден-соолук Бейшеналиев: “Февраль-март айларында коронавирустун үчүнчү толкунун күтүп жатабыз”

Бейшеналиев: “Февраль-март айларында коронавирустун үчүнчү толкунун күтүп жатабыз”

215

Февраль-март айларында коронавирустун үчүнчү толкуну болушу күтүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Марал” радиосуна берген маегинде айтты.

Азыркы учурда дүйнө жүзү коронавирустун жаңы жугуштуу мутацияланган түрү менен күрөшүп жатат. Кыргыз өлкөсү дагы дүйнө жүзү менен байланышып тургандыктан баары бир бизге дагы келет. Учурда Орусияга келгени айтылып жатат. Ал эми биз Орусия менен тыгыз мамиледебиз.

Февраль-март айларында коронавирустун үчүнчү толкунун күтүп жатабыз. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги бул боюнча даярдыктарды жүргүзүп жатат. Чек арадан коронавирустун мутацияланган түрү катталган өлкөдөн кайтып келе жаткан жарандарды тактап, текшерип жатабыз. Ошондой эле атайын COVID-19дун мутацияланган түрүн текшере турган лаборатория ачыктык. Дары-дармектердин 4-5 айга жете турган запасын даярдадык.

Биринчи толкунда кетирген каталарды кайра кетирбөөгө аракет кылабыз. Азыркы кезде биринчи толкунда керек болгон УЗИ, компьютердик томография, ИВЛ, концентратор аппараттарын даярдап, жетпеген жерлерге берип жатабыз. 2-3 айдын ичинде зарыл болгон медициналык жабдыктар тууралуу маселелерди чечип беребиз“, – деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.