Домой Маданият Бегимай Карабаева: “Мурунку жолдошум үйлөндү. Жубайы менен өзүм тааныштырдым”

Бегимай Карабаева: “Мурунку жолдошум үйлөндү. Жубайы менен өзүм тааныштырдым”

523

Кыргыз эстрада ырчысы Бегимай Карабева Инстаграм баракчасына “Достор сиздердин да араңыздарда эки айрым жолго түшкөн адамдар болсо керек? Эгерде сиздердин мурунку жолдошуңуз же келинчегиңиз өз бактысын таап бактылуу болушун каалайт белеңиздер? Кечээги күндөн бери жакшы кабар угуп кубанычымда чек жок сүйүнүп жүргөн кербезим.

Кудайым бактылуулукту берсин сага, жүрөгүң ыйманга толуп, алган жарың менен түбөлүккө өмүр сүрүп, тааныш сиңдимди капа кылбай жашап кетишиңди таптаза жүрөк менен каалаймын Алтындарым эки дүйнө бактылуу болгула. Келинчегиңе менден ак жоолук! Эми келинчегиң менен мамилени мурункудай эле уялбастан эле сүйлөшүп жакын достордон болобуз”,- деген билдирүүсүн жазган.

Ырчы айымдын бидирүүсүнө көңүл бөлсөк, мурунку жолдошу анын тааныш кызына баш кошконун байкоого болот. Бул маалыматка тактоо киргизүү максатына ырчынын өзүнө байланыштык:
“Мурунку жолдошум Кубаныч менен официалдуу түрдө ажыраша элекпиз. Ажыршууга келгенде “Сени менен жашайм, ажырашпайм” деп чыккан.
Чынында азыр мен жалгыздыкка көнүп калдым. Андыктан жарашайын деген оюм жок. Балдарымдын атасы катары байланышып, сүйлөшүп турабыз.
Азыркы жубайы менен өзүм тааныштырдым. Балким, үйлөнсө жаңы жашоо баштайт деген жакшы ой менен.
Үйлөнгөнүн кызым чалып айтты “Апа, сизге бир нерсе айтсам таарынбайсызбы? Атам үйлөндү. Сиз качан турмушка чыгасыз?” дейт.
Чынында алар үчүн абдан кубандым. Ал эми өзүмө келсем, менин дагы жакын арада жакшы жаңылыгым бар. Толук маалыматты өз убагы келгенде бөлүшөм”,- деген жообун уктук.
Эске салсак, Бегимай Карабаева жолдошу Кубаныч мырза менен 2010-жылы баш кошуп, 2014-жылы ажырашып кеткен. Ортолорунда 2 кызы бар.

Булак: Барс. Медиа