Домой Коом Бегайым БЕГАЛИЕВА, Баткен облусу, Лейлек району, Б.Набиев атындагы орто мектебинин мугалими: “Ѳкмѳттүн...

Бегайым БЕГАЛИЕВА, Баткен облусу, Лейлек району, Б.Набиев атындагы орто мектебинин мугалими: “Ѳкмѳттүн билим берүү боюнча берген убадалары ишке ашат деп ойлойм”

214

      SAB_9161

 Мугалимдердин быйылкы август кеңешмесинин катышуучусу катары өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековдун жыйында жолугушуп, баарлашканы өз максатына жетти деп ойлойсузбу?

— Мугалимдердин август кеңешмеси быйыл жылдагыдан өзгөчө болуп уюшулуптур. Азыр өлкөбүздө мамлекеттик масштабда “Таза Коом” деген программа жүрүп жатпайбы. Ошол программанын ишке ашырылышы, аталган программанын негизинде билим берүү системасы эмне иш алып барышы керектиги боюнча ойлор, пландар, алдыдагы максаттар айтылды. Дүйнөдөгү илимий, техникалык прогресстин өнүгүшү менен Кыргызстанда да бүгүнкү күндө мектеп программасы, андагы окутуу процесстери өзгөрүүлөргө дуушар болуп, дүйнөлүк стандарттарга теңелип жатат. Ушул процесстердин тегерегинде алдыда жасай турчу кадамдар сыяктуу маселелер күн тартибине көтөрүлдү.

the wine bar long beach. Жеке менин пикиримде, үстүбүздөгү жылдагы уюшулган мугалимдердин август кеңешмеси абдан жыйынтыктуу болуп, өз максатына жетти. Бүгүнкү билим берүү системасы эл аралык илимий техниканын өсүп-өнүшү менен.бүтүндөй маани-маңызын өзгөртүп жатат. Билим берүү системасында эң негизги ролду мектеп ээлейт. Бүгүн өлкөбүздүн аймагындагы мектептерди электрондоштуруу, баардык маалыматтар электрондук тартипте болуп, атайын бир базага жүктөлүп, келечекте ата-энелер кайсы мектептин материалдык, техникалык базасы, педагогдук курамы, андагы билим сапатынын кандай экендиги сыяктуу баардык маалыматтарды электрондук базадан ала алышат.

Бүгүнкү күнү  кыргыз өкмөтү тарабынан биздин билим берүү системасына өтө олуттуу көңүл бурулуп жатат. Мамлекеттик казынадагы каражаттын 25 % ы билим берүү системасына бөлүнүүдө. Мугалимдердин август кеңешмесинде дагы өкмөт башчысы Сооронбай Шарипович “мүмкүнчүлүк болсо мындан ары да билим берүүгө дагы көңүл бурабыз” деди. Менимче, премьер-министр бул убадасында турат.