Домой Саясат “Бээ десе, төө” деген Төрөбаев…

“Бээ десе, төө” деген Төрөбаев…

215

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү” фракциясы шайлоо алдында берген убадаларынын эң көбүн аткарган фракция деп табылганын Бакыт Төрөбаев өзү айтып чыкты. Анын айтымына караганда бир сайт сурамжылаган имиш. Мына сага, чоӊ жомокчу жомокту ушундай баштап олтурат.

Бул “бээ десе, төө” деген Төрөбаев 2015-жылы шайлоо учурунда берген 130 убадасынын 56сын (43 пайызын) аткарганын уялбай эле айтты да койду. Экинчи орунда КСДП экен, бул партия 103 убадасынын 35 гана аткарыптыр. Айтор, Төрөбаевдин мындай жомогуна ишенип олтурсаӊ, төбө чачыӊ тик туруп кетет экен. Дегеле, мындай жомокко өзү гана ишенбесе акыл эси бар адам эч эле ишенбейт. Азыр Төрөбаев парламентке кайра депутат болуп келүү аракети менен көрүнгөндүн көзүн карап, жандалбастап жүргөн чагы. “РАИММИЛЛИАРДдын” партиясына жана дагы бийликчил партиялардын бирине ыкташып кетүү амалы менен “ооруп” жүргөн чагы…

Булак: Багыт