Домой Коом Бажынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов кармалды

Бажынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов кармалды

125

Эмилбек Кимсанов 14-февраль күнү кечинде «Фейсбуктагы» баракчасына спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун видео кайрылуусун жүктөгөн. Кайрылууда Рахманберди уулу Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев жана Нурбек Раимбеков баштаган топтон запкы көрүп жатканын айткан. Рахманберди уулу «бул тууралуу ооз ачсаң сенин жана Эмилбек Кимсановдун үстүнөн иш козготуп каматабыз» деп коркутушканын билдирген.

ИИМ Төлөгөн Рахманберди уулу менен Эмилбек Кимсановго 2018-жылы Чүй облусунда ИИМдин мурдагы башчысы Молдомуса Конгантиевдин уулу Автандил Конгантиевди токмоктоого байланыштуу шек саналып жатканын билдирип, аларга издөө жарыялаган.

Булак: Азаттык