Домой Экономика Бажы кызматы санариптешүү кызматы аркылуу жетишкендиктерин көрсөттү

Бажы кызматы санариптешүү кызматы аркылуу жетишкендиктерин көрсөттү

73

Мамлекеттик бажы кызматында «Ачык маалыматтардын саясаты, практикасы жана мисалдары» аттуу семинардын алкагында санариптештирүү боюнча долбоорлор сунушталды.

2022-жылдын 2-декабрында Мамлекеттик бажы кызматынын
Борбордук аппаратында делегациянын таанышуу сапары болуп өттү, анын курамына Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Казакстандагы өкүлчүлүгүнүн, ошондой эле Корея, Азербайжан, Грузия, Армения, Өзбекстан, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдүн министрликтеринин жана мамлекеттик мекемелеринин өкүлдөрү кирди. Иш сапар Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан уюштурулган «Ачык маалыматтардын саясаты, практикасы жана мисалдары» темасындагы потенциалды жогорулатуу семинарынын алкагында өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан ачык маалымат саясатын жана санариптештирүү жаатында демилгелерин колдонуудагы жетишкендиктери көрсөтүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын расмий сайтында жайгашкан ачык маалыматтар порталы көрсөтүлдү, анда Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын негизги статистикалык көрсөткүчтөрүн чагылдырган интерактивдүү дэшборддор камтылган.

Ошондой эле конокторго бажылык башкарууну санариптештирүү жана соода жол-жоболорун жеңилдетүү алкагында «Электрондук өткөрүү пункту», «Маалымат алмашуу порталы», ошондой эле «Кырдаал борбору» долбоорлору көрсөтүлдү.

Иш сапардын жыйынтыгында делегациянын өкүлдөрү тарабынан бажы кызматынын ачык маалыматтар саясатын колдонуу жаатында жүргүзүлүп жаткан иштери, ошондой эле кызматтын ишмердүүлүгүн санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктер жогору бааланды.