Домой Коом Бажы кызматкерлери ыкчам иш боюнча билимдерин жогорулатышты

Бажы кызматкерлери ыкчам иш боюнча билимдерин жогорулатышты

19

«Операциялык ишмердикте маалыматтык-аналитикалык иштердин негиздери», «Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун алып келүүнү/чыгарууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар. Жаңы психотроптук заттардын жана амфетаминдик стимуляторлордун таралышына каршы аракеттенүү», «Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн түшкөн кирешелерди легалдаштырууну аныктоо». Бул темалар боюнча жаңы билимдерди 23 бажы кызматкери алышты.

Окутуу ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен 2023-жылдын 11-мартынан 14-мартына чейин «Түштүк-Батыш» бажысында жана 2023-жылдын 15-17-мартында «Түштүк-Батыш» бажысынын Жалал-Абад бажы башкаруу борборунда өткөрүлдү.

Негизги максат – Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, тактап айтканда, ыкчам-иликтөө иш-чаралары, ачык маалымат булактарынан интернет-чалгындоо, ачык жана жабык маалымат базаларынан алынган маалыматтарды практикалык колдонуу жаатында, ошондой эле алынган оперативдүү маалыматты документтештирүү негиздеринде ыкчам бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, Ошону менен бирге угуучулар синтетикалык баңги заттарды табуу жана алардын таралышына каршы аракеттенүү жаатында билимдерин өркүндөтүштү. Контролдук тестирлөөнүн жыйынтыгында катышуучуларга курсту аяктагандыгы тууралуу сертификаттар берилди.