Домой Коом Бажы кызматкерлери унааларды текшерип кароо боюнча жаңы көндүмдөрдү алышты

Бажы кызматкерлери унааларды текшерип кароо боюнча жаңы көндүмдөрдү алышты

70

Мамлекеттик бажы кызматынын Адистештирилген окутуу бажысы «Автотранспорт каражаттарын текшерип кароо» темасында тренерлер үчүн тренинг өткөрүштү. 2023-жылдын 20-февралынан тартып 22-февралына чейин Кыргыз Республикасындагы Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун Регионалдык окуу борборунун базасында Борбордук Азиядагы Европа Биримдигинин фаза 10 (БОМКА-10) — Программасынын алкагында окутуу өткөрүлдү.

Окутууну негизги максаты — мыйзамсыз ташылып жаткан товарларды, курал-жарактарды, баңгизаттарды жана башка кооптуулугу жогору предметтерди аныктоо максатында чек ара өткөрүү пункту аркылуу өтүп жаткан жеңил жана жүк ташуучу унааларды натыйжалуу текшерип кароо боюнча кызмат адамдарынын көндүмдөрүн жана компетенцияларын жогорулатуу болуп саналат.

Тренингдин жүрүшүндө Евробиримдиктин эксперттери жашыруун жерлерди аныктоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча алдынкы маалыматтар, акыркы техникалык чечимдерди колдонуу жана унааларды текшерүүдө административдик коопсуздук жол-жоболору тууралуу маалымат менен бөлүшүштү. Тренингде бажы жана чек ара кызматтарынын 14 кызматкери катышты. Курстун аягында аларга сертификаттар тапшырылды.