«Түштүк-Батыш» бажысынын кызматкерлери тарабынан 22 тонна контрабандалык мисте ташып келингени аныкталды
«Түштүк-Батыш» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө, «А» ЖЧКсынын дарегине Түркия Республикасынан «DAF» маркасындагы автотранспортунда товар – мисте келип түшкөн аныкталган.
Алдын ала текшерип кароонун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын кодунун (ТН ВЭД) шайкеш келбестиги аныкталган. Товардын жалпы салмагы 22 000 кг түзгөн.
Аталган факты КБР МКЖ АДСге катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алуу жана кароо үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.








