Домой Кылмыш Бажы кызматкерлери Баткенде контрабандалык жүктөрдү алып кирүүгө бөгөт коюшту

Бажы кызматкерлери Баткенде контрабандалык жүктөрдү алып кирүүгө бөгөт коюшту

28

Баткен бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Баткен районунун «Раззаков-Баткен-Ош» унаа жолунда бажы эрежелерин бузуу жана контрабанда фактыларына бөгөт коюуга жана аныктоого багытталган бажы көзөмөлүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жараны «Т.Э.М.» башкаруусунда «DAF XF 460 FT» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерүүдө Кытайда өндүрүлгөн 200 даана өлчөмүндө жер кыртыштын зыянкечтерине жана илдеттерине каршы күрөшүү үчүн каражат — пестицид (изофенфос-метил) 300 мл. 35% табылган. Товардын жалпы салмагы 1100 кг түзгөн.

Жүккө таандык бажылык тариздөөнү тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес.

Факт боюнча чогултулган материалдар Баткен бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын бажылык иликтөө секторунда каралууда.