Домой Мыйзам Бажы кызматкерлери 7,5 тонна минералдык жер семирткичтерди мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюшту

Бажы кызматкерлери 7,5 тонна минералдык жер семирткичтерди мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюшту

189

«Баткен» бажысынын кызматкерлери жалпы салмагы 7,5 тоннаны түзгөн минералдык жер семирткичтерди мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюшту

«Баткен» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү учурунда Баткен шаарында КРр жараны «М.Ж.М.» башкаруусундагы «Mercedes-Benz Sprinter» үлгүсүндөгү унааны текшерүүгө алышкан.

Бажылык текшерүү жүргүзүүдө унаанын жүк бөлүгүнөн 70 кап санында Өзбекстан Республикасында өндүргөн минералдык жер семирткич карбамид табылган. Товардын жалпы салмагы 3500 кг, орточо базар баасы 168 000 сомду түзгөн. Жүктүн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес.

Ушундай эле кармоо Баткен бажысынын КжБЭБКБ кызматкерлери тарабынан КР УКМК кызматкерлери менен биргеликте Баткен районунун Интернационал айылында да жүргүзүлдү. КР жараны «М.Ж.Д» башкаруусундагы «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү унаа текшерилген.

Бажылык текшерүү жүргүзүүдө унаанын жүк бөлүгүнөн 80 кап, жалпы салмагы 4000 кг болгон минералдык жер семирткич карбамид табылган.

КР Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 192 миң сомду түздү.

2 факты боюнча топтолгон материалдар КжБЭБКБнын бажылык текшерүү секторунда каралууда.