Домой Коом Бажы кызматкерлери 270 миң сомдон ашкан мыйзам бузуу фактысын аныкташты

Бажы кызматкерлери 270 миң сомдон ашкан мыйзам бузуу фактысын аныкташты

172

«Түштүк-Батыш» бажысынын кызматкерлери тарабынан бажы мыйзам бузуу фактысы аныкталып, келтирилген зыян 270 миң сомдон ашкан.

2019-жылы Кореянын аймагынан Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин аймагына «О.К.» ЖЧКсынын дарегине Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 301-беренесине ылайык, КНС төлөөдөн бошотуу менен бетон соргуч атайын жабдуу алынып келинген.

Бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө «Түштүк-Батыш» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан аталган ишкана бажы органынын уруксатысыз жана тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн, транспорт каражатын үчүнчү жактарга өткөрүп берген. Ошентип, мамлекетке 279 760 сом зыян келтирилген.

Факт КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн КР Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.