Алмаз Оңолбековду өз каалоосу менен кетти деп ээлеген кызматынан бошотуп коюп, бийликтегилер дагы да эл менен эсептешпей Жээнбековдун кадрларын кызматтан кызматка секиртип жүргөн кези. Буга бир мисал 2015-жылы Оштун Бажы кызматын жетектеп келген айтылуу Жээнбековдордун кадры Алтынбек Торутаев өлкөнүн негизги кызматтарынын бирине бекитилди.
Буга чейинки анын эмгек жолуна көңүл бурсак Сооронбай Жээнбеков премьер министр кезинде дагы Торутаевге өзгөчө көңүл бөлүп Оштун Бажы кызматына бекиткен. Бирок Сапар Исаков премьерликке келгенде аны кайра ээлеген кызматынан бошоткон. Жээнбековдор бийликке келгени кайрадан Торутаевге күн тийип жогорку кызматтардын бирин аркалоого бел байлады. Таанышың болсо танкасың деген ушу да..