Домой Саясат Базарбай Мамбетов: «Муса Бажаевдин компаниясы 7 жарым миллион доллар менен таластыктарды колго...

Базарбай Мамбетов: «Муса Бажаевдин компаниясы 7 жарым миллион доллар менен таластыктарды колго алып койгон»

143

Тажрыйбасы мол, мамлекеттик деңгээлде ойлоно алган адамдар саналуу эле. Алардын бири Базарбай Мамбетов. Базарбай ага менен Кыргызстанга пайда түшпөй турган шартта берилип кеткен “Жерүй” кени боюнча баарлашып, кызыккан суроолорго жооп алдык.

—Базарбай мырза, кен тармагын жакшы билген адамсыз. “Жерүй алтын” кени неге мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынбаган шартта берилип кеткен?

“Жерүй” алтын кенинен чын эле бюджетке мамлекетке эч кандай пайда түшпөй турган шартта берилип кеткен. Анткени, 2015-жылы биздин билермандар тендер уюштуруп, тендерден утуп алган компаниядан 100 миллион доллар алышкан.

Тендерден утуп, ал кенди иштетүүгө юридикалык жактан ээ болгон компания менен эмнегедир кенди иштетүүнүн шарттарын аныктаган башкы макулдашуу келишимин түзүшкөн эмес. Ошон үчүн биздин бийлик аталган кенден казылып алына турган 100 тоннага жакын алтындын эч нерсесине ээ болбой турган болуп калган:

Адис катары тендерди өткөргөнү, ал турсун тендерден жеңип чыккан компаниядан 100 миллион доллар алганы туура дейт элем. Себеби, ал каражатты лицензия берип кен иштетүүгө уруксат катары алдык да. Эми Кыргызстан өндүрүлгөн алтындын 50 пайызына ээ болот деген башкы макулдашкан келишимди түзбөй, маселени коррупциялык жол менен чечишкени үчүн биздин бийлик элдин алдында жооп бериши керек.

Анткени, булар ошол башкы макулдашууну түзбөй мамлекетке чыккынчылык кылышты. Эгер ошондой макулдашуу түзүп, кен иштетүүнүн шарттарын аныкташканда “Жер үй” иштесин деп элге чыгып айтмакмын. Мындай шарттын бири орун албаганы үчүн Кыргызстанды тоноону максат кылгандар алтын казсын деп айталбайм.

—Кыргызстан эч нерсеге ээ болбой кала турган шартта берилген кендерден «Жерүй» элеби же башка кендер да барбы?

-Өкүнүчтүүсү, “Жерүйдөн” башка да кендер ошондой шарт менен берилип кеткен. Маселен, Кеминдеги, Чаткал менен Ала -Букадагы Иш — тамберди, Терек-Сай, Бозумчак, Таластагы Андаш кенин иштеткен чет элдик компаниялар, биздин өкмөт менен генералдык келишим түзбөй эле алтынды казып эле алып кетип жатышат. Ал аз келгенсип, Ала-Бука менен Чаткалда 10дон ашык чет элдик компаниялар алтын казып жатат. Көрсө, Кытайдын летописинде Чаткалдын алтындары тууралуу жазуулар бар экен. Өкүнучтуүүсү, мен мисалга алып санаган кендерди Кыргызстанды тоноп кетебиз деген шылуун компаниялар иштетип жатат. Алар бюджетке тырмактай да салым кошушпайт.

Барынан кызыгы, Мамлекеттик геология агенттиги жылдык отчётунда 39 алтын кенди иштетүүгө шылуун компаниялар лицензия алышканы маалым болду. Лицензия сатып алган компаниялардын бири да кен казуу колунан келбеген компаниялар. Алар жөн эле лицензияны алып коюшуп, бир- эки жыл кармап туруп башкаларга сатып баюуну кездеп жатышат.

—Кыргызстан пайда көрбөгөн кендердин лицензияларын чакыртып алуунун жолу барбы?

—Жолу бар. Бирок ал үчун өкмөт чечкиндүү болушу керек. Айтайын дегеним, биздин өкмөт Мамлекеттик геология агенттиги кендердин баарын талдап, келишим түзгөндөн баш тарткандарын дароо лицензиясын алып, колунан иш келген компания келгенче бербейбиз деп эле койсо болот эле.

Бирок, лицензия алган компаниялардын баары биздин өкмөт менен жогору жактагылардын тилин таап, көңүлүн алып коюшкан. Ошон үчүн андай кадамга баралбай кетенчиктей беришет. Анткени, коррупциялык жол менен ошондой шартка макул болуп коюшкан. Эгер башкы макулдашууну түзүп альш колунан иш келген компанияга кендерди берсек өкмөт да, бюджет да байыйт эле. Тилекке каршы, бизде баары теңирден тескери болуп жатат.

—“Жерүй” иштебесин деген таластыктардын тилин кантип табышты? Алар көп учурда каршы болуп, кенди иштетпей коюшчу эле го?

—Таластыктар унчукпай отурсун деп Бекмолдо айыл өкмөтүнө 170 миллион сом, Талас облусунун фондусуна 170 млн сом, Талас районуна да 170 миллион сом беришкен.

Баары биригип, 7 жарым миллион доллар болот экен. Муса Бажаевдин компаниясы 7 жарым миллион доллар менен таластыктарды колго алып койгон. Арзыбаган кичинекей каражатты алганына ыраазы болуп, кен казылбасын дегендер унчукпай калышты.

—«Жepүйдүн» лицензиясын сатып алды деген Муса Бажаев Бабанов менен чогуу иш кылган адамбы?

—Бабанов менен Муса Бажаев Кыргызстанда “Алянс” деген компания түзүшкөн. Ал компания менен Кыргызстанда көп туура эмес иштерди кылышкан. 15 жыл мурда “Кайыңды кант” деген заводу сатып алышып жарактан чыгарышкан. Ал завод “Алянстан” кийин 4-5 компаниянын колуна өткөнү менен, кредит алып, каражат салса да күргүштөп иштеген баштагы калыбына келтире алышкан жок. Жерүйдү алгандан кийин Бабанов менен Бажаевдин компаниясы “Алтын алянс” — деп атын өзгөрткөн.

—Путин “Жерүйгө” 100 миллион эмес, 600 миллион долларга чукул каражат бөлүнөөрүн айткан. Бирок, айрым аналитиктер ал каражат помидор, кийим-кечек, кол кап сыяктуу арзыбаган нерселер менен келип, Кыргызстандын казынасына накталай акча түшпөйт деген оюн айтышкан ошондо эле…

—Ким айтса да туура айтыптыр. Канадалыктар азыр да помидорду өз жеринен сатып келип жеп, каражат ошол жакта калсын деген саясат жүргүзүшөт. Булар деле чоң сумманы айтышканы менен кези келгенде акчалай эмес, бартер түрүндө берип, оңой кутулуунун жолун издешет. Ошон үчүн алардын оозунан чыккан каражаттын баары биздин казынага толук түшөөрүнө ишенбей деле койсок болот.

—Кыргыз нефтисин да орустарга берүү демилгесин сындагандар чыкты. Орустарга кыргыз газды бир долларга сатып, пайда көрдүкпү же зыян тарттыкпы?

—Мен өзүбүз жөндөп иштете албаган ишканаларды Россия иштетсе эле эгемендүүлүктөн кол жууп калабыз дегендерге, Россияга көз карандылык күчөйт дегендерге таң калам.

Айтайын дегеним, Атамбаев Россияга “Кыргыз газды” бир долларга сатканда сындагандар көп болгон. Россия газды алгандан бери жаңы конуштардан бери газ киргизип, элди газ менен камсыздай баштады го. Ошондой эле имараттарды куруп, элге пайдаланууга берип жатат. Нефтини берсек деле утулбайбыз. Күйүүчүмай арзандап, элибиз зыянын эмес, пайдасын эле керет. Эркиндигибиз чектелбей эле жакшынакай эле жашайбыз. Өзүбүз андай чоң каражат таап, иштете албагандан кийин иштетип, элдин түйшүгүн жеңилдетели дегендерге берсек неге болбосун. Мындан биз эле утуп жатабыз го.

Булак: «Ачык саясат»