Баткенде коронавирус менен ооруп жаткан жаран ооруканадан качып чыккандан кийин каза болуп калды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Маалыматка ылайык, 7-июль күнү Баткен шаарынын 56 жаштагы Ш.Б. аттуу тургуну коронавирус менен ооруп, Баткен шаарынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып жаткан жеринен качып кеткен. Бул факты Баткен ШИИБинде каттоого алынып, тийиштүү кызматкерлер окуя болгон жерге барып, төмөнкүлөрдү аныкташкан. «Аталган тургун 2-июль күнү Бишкек шаарынан келип, Баткен шаарынан ПЦР-анализ тапшырган. Анализдин жыйынтыгы оң натыйжа көрсөткөндүктөн, ошол күндөн тарта жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылып дарыланып жаткан. Ал эми 7-июль күнү жаран өзүм билемдик менен өзгөчө кырдаал режиминин шарттарын бузуп, санитардык-эрежелердин нормаларын сактабай, оорусунан толук айыкпай туруп ооруканадан качып кеткен. Ооруканадан качып кеткенден кийин Баткен ШИИБинин кызматкерлери медицина кызматкерлери менен биргеликте качып кеткен жарандын жашаган үйүнө барганда, ал ооруканада жатпай турганын айтып, эскертүүлөргө баш ийген эмес. Айласы кеткен медицина кызматкерлери үй шартында да дарыланса болот деген жыйынтыкка келишип бейтапты үйүндө калтырып коюшкан. Ал жаран 8-июль күнү каза болуп калган. Учурда тийиштүү иштер жүрүүдө», — деп билдирет басма сөз кызматы.
Булак: Супер