Домой Аналитика Баткенде эркектер топтолуп, унаалар менен ок атышуу болуп жаткан чек арага жөнөп...

Баткенде эркектер топтолуп, унаалар менен ок атышуу болуп жаткан чек арага жөнөп жатышат (видео)

186

Баткен шаарындагы, Базар-Башы, Кызыл-Жол кварталдарындагы жана Бужум айылындагы эркектер топтолуп, унаалар менен ок атышуу болуп жаткан Көк-Таш айылына жөнөп жатышат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, алар эл-жерди сактайбыз деп аттанышууда. Учурда Баткен шаарында мектептер чек арада эвакуацияланган элди кабыл алууга даярдалып жатат.

Окуя тууралуу:

Кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкканы белгилүү болгон.

Маалыматка караганда, кечээ саат 11:00 чамасында Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясынын боюнан тажик жарандары экскаватор жана «КамАЗ» менен шагыл алып кеткен. Ал эми саат 11:30 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын карамагындагы башкы суу алуу түйүнүн (Головной) жарыктандыруу үчүн коюлган мамычага тажик жарандары тарабынан видео көзөмөл орнотулган. Алар экинчи мамычага да орнотуп жаткан учурда кыргыз чек арачылары тарабынан токтотулган.

Кыргызстандын аймагына тажик тараптан коюлган видео көзөмөлдү алуу боюнча Баткен районунун акими А.Орозовдун тапшырмасы менен тийиштүү райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана чек арачылар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканда тажик тараптан ок атылган. Бирок тажик тарап макул болбой абал курчуган.

Андан кыргыз жана тажик жарандары топтолуп, таш ыргытуулар, ок атуулар башталган. Бул аймакта болжол менен миңден ашык адам чогулган. Анын миңдейи тажиктер болсо, жүздөйү кыргыздар. Кыргызстандын 2 жараны жарадар болуп, ооруканага жеткирилген. Абалы канааттандырарлык. Таш ыргытышуу болуп жаткан жерде эки тараптын тең снайперлери турушкан.

29-апрелде Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында абал курч бойдон сакталууда. Таң эрте Ак-Сай айыл аймагындагы чек арада тажик тараптан октор атылды. Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) аймагы жабылды. Самаркандек айылынын 1991-жылы туулган тургуну октон жаракат алганы айтылууда. Жолдор жабык болгондуктан аны Лейлек аймактык ооруканасына алып кетишти. Айылдыктар ок атуулар таңкы намаздан кийин эле башталганын айтышты. Аялдар балдары менен мечитке жеткирилди. Себеби бул жер коопсуз.

УКМКнын Чек ара кызматы 29-апрелде саат 04:40 чамасында Баткен районунун Көчө-Бою аймагында абал курчуганын билдирди. Себеби Тажикстандын жарандары чагымчылдык аракеттерди жасашкан. Алар кыргызстандыктарга жана алардын үйлөрүнө таштарды ыргытышкан. Тажик тарап андан кийин Кыргызстандын жарандары бара жаткан унааларды аткылашкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Кыргызстандын жарандарынын арасында жаракат алгандар бар. Тажик тарап маал-маалы менен ок атып жатат. Чеку арада абал курч бойдон калууда. Тажикстандын чек ара кызматы менен телефон аркылуу байланышууга мүмкүн болгон жок. Алар чалууларга жооп бербей жатышат.

Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургунунун оң көзүнө тийип, жергиликтүү ооруканага жеткирилди.

Эвакуацияга даярдык:

Баткен районунун акимчилиги бүгүн, 29-апрелде Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек айылдарында мектептер жабылып, элди эвакуация кылганга даядыктар көрүлүп жатканын билдирди. Учурда Баткен шаарындагы мектептерде элди кабыл алууга даярдыктар көрүлүп жатат.

28-апрелден тарта Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек айыл өкмөттөрүнө өзгөчө абал режими киргизилди.

turmush.kg