Домой Коом 1999-жылдагы Баткен согушунун катышуучулары митингге чыкты

1999-жылдагы Баткен согушунун катышуучулары митингге чыкты

337

Бишкекте Баткен коогалаңына катышкан ардагерлер митингге чыгышты.

Алар президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

Аскердик укук коргоочу Анвар Сартаевдин айтымында, каршылык акциясынын катышуучулары Кыргызстандын бардык аймактарынан чогулган.

Алар расмий макам берүүнү жана багуучусунан ажырагандар үчүн социалдык төлөмдөрдү 1 миң сомдон 10 миң сомго чейин көбөйтүүнү талап кылышууда.

Куралдуу салгылаштын кесепетинен 53 эр-азамат каза таап, 21 адам майып болгон. Майып болгон жарандар учурда мамлекеттен 7 миң сомдук жардам алса, көз жумган жигиттердин үй-бүлөсүнө болгону 1000 сом берилет. Ардагерлер бул сумма абдан аз деп эсептешет.

Эсиңиздерге салса кетсек, “Өзбекстандын ислам кыймылынын” (ӨИК) террордук согушкерлери менен Кыргызстандын аскерлеринин 20 жыл мурунку кагылышуусу “Баткен согушу”, “Баткен окуясы”, “Баткен коогалаңы” деген ат менен тарыхта калды. Cогушкерлер 1999-2000 — жылдардын жай айларында эки ирет Кыргызстандын чек арасын Телбе (Баткен), Бокбашы (Чоң-Алай) ашуулары аркылуу бузуп киришкен. Зардалыда мектеп менен мечитте 45 күн ӨИК кара байрагы илинип турган, кишилер мыкаачылык менен өлтүрүлүп, барымтага алынган. Чек араны 200дөн 1000ге чейинки согушкер бузуп өткөн. Аскердик операцияга 1500-2000 аскер тартылган. 53 адам курман болуп, 130дан ашыгы жаракат алган. Качкындардын саны 4 миңден 8 миңге жеткен. Баткен коогасынын актай барактарын окуянын күбөлөрү менен чогуу ачабыз.