Домой Саясат Баткен Шернияз эми бир тууган агасы Садык Шернияз менен бет карашапай калабы?

Баткен Шернияз эми бир тууган агасы Садык Шернияз менен бет карашапай калабы?

373

Учурда Садык Шернияздын президенттик жарыштан Садыр Жапаров менен жолугуп, сүйлөшкөндөн кийин четтегенин кызуу талкууга алып, сындап жаткандар көбөйүүдө. Эми анын бир тууган иниси Баткен Шернияз менен бет карашпай калабы деп кабатыр болгондор да бар. Себеби, Баткен мырза буга чейин: “Мен агама жолугуп Саке аягына чейин барасызбы деп үч жолу суроо узаттым. Жообу: Баткен эгер аягына чейин барбай турган болсом, өмүр бою мени менен учурашпай өт” -деп жооп берди деп социалдык баракчасына жазган. Мына ушундан улам эки бир тууган эми бет карашабы, же бир топко чейин карашпай калабы деген маселе кабаргасынан коюлду.