Домой Коом «Баткен» бажысынын кызматкерлери Өзбекстандан 3 тоннадан ашык минералдык жер семирткичтерин мыйзамсыз ташып...

«Баткен» бажысынын кызматкерлери Өзбекстандан 3 тоннадан ашык минералдык жер семирткичтерин мыйзамсыз ташып келүүсүнө бөгөт коюшту

6
«Баткен» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте бажы эрежелерин бузуунун алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык, «Раззаков-Баткен-Ош» унаа жолунда Баткен районунун Чек айылында Кыргыз Республикасынын жараны «К.А.Д.» (башкы тамгалар өзгөртүлдү) башкаруусунда «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.
Бажылык тешерип кароо жүргүзүүдө унаанын жүк бөлүгүнөн минералдык жер семирткич, аммиак селитрасы табылган. Бажылык тариздөөнү тастыктаган жүккө таандык эч кандай документтери болгон эмес.
Кармалган товардын жалпы салмагы 3250 кг.
КР Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 123 миң 500 сомду түзөт.
Факт боюнча чогултулган материалдар Бажы кызматынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын бажылык иликтөө секторунда каралууда.