Баткен бажысынын кызматкерлери салмагы 3,5 тонна болгон контрабандалык минералдык жер семирткичтерди кармады
Баткен бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери КР УКМК кызматкерлери менен биргеликте ЕАЭБ жана КР бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө Баткен районунунда КР жараны «М.Н.З.» башкаруусунда «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү унаа токтотушкан.
Бажылык текшерүүдө автотранспорттун жүк бөлүгүнөн Өзбекстан Республикасынан чыккан 40 кап минералдык жер семирткич аммиак селитрасы табылган.
Жүк бажылык тариздөөнү өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери жок болгон.
Кармалган товардын жалпы салмагы 2000 кг түзгөн.
КР Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товарлардын орточо базар баасы 84 миң сомду түздү.
Кыргыз Республикасынын жараны «Ш.Н.Ж.» башкаруусунда «Ford Tansit» үлгүсүндөгү унаанын жүк бөлүгүн текшерүү учурунда окшош факт аныкталган.
Мында дагы 30 кап минералдык жер семирткич аммиак селитрасы табылган, жалпы салмагы 1500 кг, баасы 63 000 сомду түзгөн.
2 факт боюнча топтолгон материалдар КККБжБЭБ бөлүмүнүн бажылык териштирүү секторунда каралууда.