Домой Коом Баткен аэропортунун жетекчиси президентке кайрылды

Баткен аэропортунун жетекчиси президентке кайрылды

14

Баткен аэропортунун жетекчиси, 39 жаштагы Нургазы Жаныбеков Ош аэропортунун жетекчилиги тарабынан кысымга кабылып, жумуштан кетүүгө мажбур болгонун билдирди.

Баткен облусунун прокурору Бакыт Халмурзаев оозго алгыс уят ыплас создор менен аэропорттун жетекчисин басмырлоосу. Прокурордун чыныны жузун коруп, баа берип коюнуздар сураныч. Жаштарга кун жок. Мын ушундай кысымчылыкта иштеп жатабыз.

Нургазы Жаныбеков 发布于 2019年12月28日周六

Мындан улам ал президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдогонун айтты.

Нургазы Жаныбековдун кайрылуусунда, ушул жылдын 24-октябрь күнү Баткен облусунун прокурору Бакыт Халмурзаев менен Баткен аэропортунун аймагында пикир келишпестик болгону айтылат. Бул окуядан улам Ош эл аралык аэропортунун жетекчиси Талант Исаков Нургазы Жаныбековду кысымга алып, жумуштан кетүүгө ачык мажбурлаган. Нургазы Жаныбеков Кыргызстанда авиация тармагында коррупция күч алганын, Баткен аэропорту “эл аралык” макамынын талаптарына жооп бербей турганын президентке кайрылуусунда айткан.

К.Р.нын президенти урматтуу Сооронбай Шариповичке, Баткен аэропортунун жетекчиси Нургазы Жаныбековдон видео кайрылуу. Баткен облусунун прокурору Бакыт Халмурзаевдин айынан жумуш ордумду тапшырып кетууго аргасыз болдум. Кош Баткеним. Кош аэропорт!!!

Нургазы Жаныбеков 发布于 2019年12月28日周六

Бул боюнча Ош эл аралык аэропортунун жетекчилиги маалымат берүүдөн баш тартты.

Нургазы Жаныбеков 2018-жылы 4-июлда Баткен эл аралык аэропортунун жетекчиси болуп дайындалган.